Get Mystery Box with random crypto!

«Чыгыш-5 кичи аймагы, 10-үй» Үч бөлмөлүү үйгө жетип акыры, То | Кыргыз акындарынын ыр саптары

«Чыгыш-5 кичи аймагы, 10-үй»

Үч бөлмөлүү үйгө жетип акыры,
Тогуз кабат көрүнбөгөн чатыры.
Төрт кабаттан чуркап түшүп балдарым,
Ойноп улам, лифтке түшүп жатыры

Күн чыгышты, батыш жакты караган,
Терезеден нуру үйгө тараган.
Ысык, муздак суусу агып чоргодон,
Көп кабатка ал айныбай жараган.

Баары ыңгайлуу ушу жаңы конуштун,
О, жараткан боор оорудуң-болуштуң.
Шаардыкча мен да жашоо уланттым,
Кепесинде жүргөм далай орустун.

Өмүрбек Бөкөлөев