Get Mystery Box with random crypto!

Alleya🕊️

Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️ A
Telegram каналынын логотиби alleya1 — Alleya🕊️
Канал дареги: @alleya1
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 12.63K
Каналдан сүрөттөмө

Сүйүүнүн, бакыттын, эскерүүлөрдүн аллеясы.✨
Күндөлүгүм✍️

Ratings & Reviews

3.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

2

2 stars

0

1 stars

0


Акыркы Кабарлар 4

2023-02-25 14:15:25 Кошуласызбы?
Талап кылуучулар аябай көп.
“Эркек мени сүйсүн, белек берсин, көңүл бурсун, ушунча махр берсин, мындай үй алсын, унаасы ушундай болсун, таарынсам жазып алсын, кыйкырсам унчукпай турсун”-деген аял көп.
“Аялым сулуу, бирок сырдуу болсун. Айтканымдан чыкпасын. Үйгө келсем күлүп, жакшы кийимде тосуп алсын. Мен айткан адамдар менен аралашсын. Акыл айтсам унчукпай уксун. Ата-энеме да, мага да кызмат кылсын”-деген эркек көп.
Мамиле алуу-берүү. Бир нерсеге ээ болууну кааласаң, ошол нерсени каршыңдагы адамга бере бил. Сага бир адамдын күлүп кароосун кааласаң, сен ага күлүп, жылмайып кара. Жоо көргөндө “жеп жиберчүдөй” карасаң, ал сага кайдан жылмайсын?
Эгер жолдошуң сага сен каалагандай мамиле жасоосун кааласаң, керектүү жерде эркеле, керектүү жерде апа бол, керектүү жерде жубай бол.
Эгер жубайың сенин айтканыңды угуусун кааласаң, ага мээрим бер, сүйүү бер. Үйгө келгениңде “приятная” болуп тосуп алуусун кааласаң, үй жумуштарына жардам берүүчү адамдарды чакырып бер. Сенден мээрим, сүйүү тапкан аялың эч качан “кобрага” айланбайт. Ата-энеңди кошо сүйүп, сыйлап алат.
Ушу биз тең салмактуулукту сактай албай калабыз. Адамдан көп нерсе талап кылабыз. Өзүбүз ошол койгон талаптарга ылайыктуубузбу?
3.0K views11:15
Ачык / Комментарий
2023-02-25 14:06:32
Талап кылуучулар көп заманда жашап жатабыз.
3.0K views11:06
Ачык / Комментарий
2023-02-25 06:26:48 Кутман таң
Бүгүн 25-число. Аллеянын окурмандарында белек алмашуу жүрөт. Инстаграмдагы акыркы постко эмне белек каалайсыз, эмне бере аласыз жазып койсоңуз болот. Мүмкүн жакындарыңыз окуп, күтүүсүз белек кылышат
3.9K views03:26
Ачык / Комментарий
2023-02-24 08:29:09 Ниетиңиз кабыл болсун!
3.3K views05:29
Ачык / Комментарий
2023-02-24 08:29:07
3.4K views05:29
Ачык / Комментарий
2023-02-24 08:28:54 Жума маарек болсун
Адатка айланган кайрымдуулукту бүгүн да жасайлы э? Бул күнү берилген садаканын сообу көбүрөөк болорун билчү белеңиз?
10-40-100 сом. Айырмасы жок. Колуңуздан келгенче…
3.4K views05:28
Ачык / Комментарий
2023-02-23 23:43:08 Аябай көп ойлонобуз. Келечектен коркобуз. Адашуудан коркобуз. Азыр да араңыздарда бир чечим кабыл ала албай отургандар бар чыгар. Биз жашоону ойлорубуз менен гана татаалдаштырып алабыз. Байкайсызбы? Бирөө бактылуу жашап жатканын көрүп, ичибизде “Эмнеге менин жашоом мындай эмес?”-деген ой пайда болот. Бул ой көрө албастыкка, көрө албастык жек көрүүгө алмашат. Ал адам сага эч жамандык кылган жок. Сен өз ойлоруң менен аны өзүңө душман көрүп алдың.
Биз болгону шүгүр кылууну, кээ бир көйгөйлөрдү жашоонун агымына калтырууну билбейбиз.
“Кимге үйлөнөм? Кимге турмушка чыгам? Мүмкүн менин түгөйүм ушулдур?”-деген ой менен жүргөндөр канча. Бул ситуацияда да эч ойлонбогула. Жараткан ар бирибизди жуп кылып жаратты. Сенин тагдырыңа жазылган адам да жүрөт бир жерлерде. Ушул нерсени кабыл алган адамдар “Качан турмушка чыгасың|үйлөнөсүң?”-деп сурабайт. “Баары үй-бүлө курду, мен калдым”-деп переживать этпейт. Баары убагы менен.
Азыр финансыдан кыйналып жатсаң, убагы келип бул көйгөй чечилет. Мамиле жагы жакшы болбой жатса, убагы келсе оңолот. Ар бир сабырдын артында бир сыйлык бар. Азыр ойлонбостон укта. Баары жакшы болот.

Сенин Аллеяң
4.4K views20:43
Ачык / Комментарий
2023-02-23 23:35:35
Адамды турмуш эмес, өз ойлору жеп жок кылат.
4.3K views20:35
Ачык / Комментарий
2023-02-19 21:54:37
Дейт)
5.8K views18:54
Ачык / Комментарий
2023-02-01 22:09:42 Сенден келген ар бир гүл баалуу. Мейли 1 даана, мейли 101 даана болсун. Мейли жоогазын, мейли роза, ромашка болсун…
Канча даана, кандай сорт болбосун, мага жагат. Сенден келгени жагат
2.9K views19:09
Ачык / Комментарий