Get Mystery Box with random crypto!

Аябай көп ойлонобуз. Келечектен коркобуз. Адашуудан коркобуз. | Alleya🕊️

Аябай көп ойлонобуз. Келечектен коркобуз. Адашуудан коркобуз. Азыр да араңыздарда бир чечим кабыл ала албай отургандар бар чыгар. Биз жашоону ойлорубуз менен гана татаалдаштырып алабыз. Байкайсызбы? Бирөө бактылуу жашап жатканын көрүп, ичибизде “Эмнеге менин жашоом мындай эмес?”-деген ой пайда болот. Бул ой көрө албастыкка, көрө албастык жек көрүүгө алмашат. Ал адам сага эч жамандык кылган жок. Сен өз ойлоруң менен аны өзүңө душман көрүп алдың.
Биз болгону шүгүр кылууну, кээ бир көйгөйлөрдү жашоонун агымына калтырууну билбейбиз.
“Кимге үйлөнөм? Кимге турмушка чыгам? Мүмкүн менин түгөйүм ушулдур?”-деген ой менен жүргөндөр канча. Бул ситуацияда да эч ойлонбогула. Жараткан ар бирибизди жуп кылып жаратты. Сенин тагдырыңа жазылган адам да жүрөт бир жерлерде. Ушул нерсени кабыл алган адамдар “Качан турмушка чыгасың|үйлөнөсүң?”-деп сурабайт. “Баары үй-бүлө курду, мен калдым”-деп переживать этпейт. Баары убагы менен.
Азыр финансыдан кыйналып жатсаң, убагы келип бул көйгөй чечилет. Мамиле жагы жакшы болбой жатса, убагы келсе оңолот. Ар бир сабырдын артында бир сыйлык бар. Азыр ойлонбостон укта. Баары жакшы болот.

Сенин Аллеяң