Get Mystery Box with random crypto!

Кошуласызбы? Талап кылуучулар аябай көп. “Эркек мени сүйсүн, б | Alleya🕊️

Кошуласызбы?
Талап кылуучулар аябай көп.
“Эркек мени сүйсүн, белек берсин, көңүл бурсун, ушунча махр берсин, мындай үй алсын, унаасы ушундай болсун, таарынсам жазып алсын, кыйкырсам унчукпай турсун”-деген аял көп.
“Аялым сулуу, бирок сырдуу болсун. Айтканымдан чыкпасын. Үйгө келсем күлүп, жакшы кийимде тосуп алсын. Мен айткан адамдар менен аралашсын. Акыл айтсам унчукпай уксун. Ата-энеме да, мага да кызмат кылсын”-деген эркек көп.
Мамиле алуу-берүү. Бир нерсеге ээ болууну кааласаң, ошол нерсени каршыңдагы адамга бере бил. Сага бир адамдын күлүп кароосун кааласаң, сен ага күлүп, жылмайып кара. Жоо көргөндө “жеп жиберчүдөй” карасаң, ал сага кайдан жылмайсын?
Эгер жолдошуң сага сен каалагандай мамиле жасоосун кааласаң, керектүү жерде эркеле, керектүү жерде апа бол, керектүү жерде жубай бол.
Эгер жубайың сенин айтканыңды угуусун кааласаң, ага мээрим бер, сүйүү бер. Үйгө келгениңде “приятная” болуп тосуп алуусун кааласаң, үй жумуштарына жардам берүүчү адамдарды чакырып бер. Сенден мээрим, сүйүү тапкан аялың эч качан “кобрага” айланбайт. Ата-энеңди кошо сүйүп, сыйлап алат.
Ушу биз тең салмактуулукту сактай албай калабыз. Адамдан көп нерсе талап кылабыз. Өзүбүз ошол койгон талаптарга ылайыктуубузбу?