2022-10-11 07:31:49
Келе жаткан чемпионат Таласта болбой да калышы мүмкүн болуп турат. Учурда Чемпионатты өткөрүүгө Чүй облусу дагы арызын берди. Кыскасы акыркы чечим 13-октябрда Көкбөрү федерациянын Башкармалынын отурумунда добуш менен чечилгени калды.
Урмат Мусаев Көкбөрү федерациянын Чүй облусунун Вице-президенттик кызматын тапшырып, ордуна Мирлан Курманалиев келди. Курманалиев ошол эле учурда Аламүдүн райондук федерацияны дагы жетектей берет.
2022-10-06 13:54:26
Көкбөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты 25-30-октябрда Талас облусунда өтмөй болду. Быйылкы чемпионатта жети облус, эки шаардан 9 команда катышат. Аны менен чогу 18-23 жашка чейинки Жаштар чемпионаты дагы өтөт.