Get Mystery Box with random crypto!

Көкбөрү каналы

Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы К
Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы
Канал дареги: @kokboru_chanel
Категориялар: Спорт
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 3.48K

Ratings & Reviews

1.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

2


Акыркы Кабарлар 15

2022-06-06 14:50:35 Маалымат үчүн: көлдөгү ипподром мамлекеттики бирок хозрасчетто турат. Мындайча айтканда ипподромго мамлекеттен жылына акча бөлүнбөйт, ошондуктан жетекчилер өздөрү ошол жакты иштетип, акча таап, айлык маянаны кызматкерлерге төлөйт. Мына ошого мамлекет ипподромдун арендасына кийлигише албайт. Мындай обьекттер бизде көп: ошол эле Бишкектеги ипподром, Спорт сарай ж.б.ж.б.
8.5K viewsSamat, 11:50
Ачык / Комментарий
2022-06-06 13:34:00
Чолпон-Ата ипподромунун күнүмдүк ижарасы Федерация үчүн 150миң сомдон айланып жатат. Жалпы бир турнирге ипподромдун арендасы эле 1,5 млн сомду чапчып кетүүдө. Ошондуктан келе жаткан турнирди Нарында өткөрүү тууралуу демилге Федерация үчүн деле ыңгайлуу болуп жаткандай. Ал эми уюштуруучу жагын мойнуна алып жаткан нарындыктар ипподром менен чогу сарайларды бекер кылуу жагын караштырып жатат. Кыскасы Нарын жакта бонус көп экен.
7.6K viewsSamat, edited  10:34
Ачык / Комментарий
2022-06-06 13:25:57 Баары ушуга баратат. Президенттик кубок 31-августта Нарын облусунда өтүп калышы мүмкүн. Жакында эле атайын комиссия барып, Нарын шаарындагы жагдай менен таанышып келишти. Эми Нарынга барып шартты көрүп келген өкүлдөрдүн корутундусу Көкбөрү федерациясында каралат жана чечим кабыл алынмакчы.
5.7K viewsSamat, 10:25
Ачык / Комментарий
2022-05-30 17:57:31
Кахтын дагы бир баласы "Сухарь". Турган жери Сокулук, жашы жаңы асый.
7.0K viewsSamat, 14:57
Ачык / Комментарий
2022-05-30 17:30:21 Кыргызстандын көкбөрү жана жер улак (кокпар) боюнча толук курамы 10-июндан кийин гана маалым болот. Азырынча курам дээрлик даяр болгону менен кээ бир маселелер такталмайынча жарыяланбайт. Алгач Кыргызстандын делегациясы Түркияга барып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, көкбөрү боюнча мелдеш болоору такталгандан кийин гана Кыргызстандын курамы расмий айтылмакчы. Кыскасы 15-июнга чукул айтылат окшойт.
6.5K viewsSamat, edited  14:30
Ачык / Комментарий
2022-05-29 15:32:34
Биздикилер
5.8K viewsSamat, 12:32
Ачык / Комментарий
2022-05-27 07:31:01 Жигиттер ишиңерди кыла бергиле, бүгүн федерациянын отуруму болбойт экен. Жетекчилер составды дагы эле курай электигине байланыштуу кошумча убакыт алышкан экен. Демек кийинки отурум качан болору азырынча белгисиз.
6.7K viewsSamat, 04:31
Ачык / Комментарий
2022-05-27 07:00:46 Бүгүн Кыргызстандын көкбөрү жана жер улак (кокпар) боюнча курама командаларынын мүчөлөрү расмий жарыяланышы керек. Көпкө күттүк, эми биле турган учур келди.
5.8K viewsSamat, 04:00
Ачык / Комментарий
2022-05-24 20:19:42
"Ала-Тоо" клуб катары таркап кетет, - деген сөздөр чындыкка жакын болуп калды окшойт. Бул клуб жакшы түзүлгөнү менен бир дагы кубокту жеңе албай таркап жатканы өкүндүрөт. Бирок бул клубда Кыргызстандын курама командасына кирчү бир нече бала жана аттар бар. Ошондуктан Көкбөрү федерациясы чукул арада "Ала-Тоонун" жетекчилиги менен бир стөлгө отуруп, түз кеңешүү өткөрүшү керек. Эгерде чындап эле клуб 31-август чыга албасы тастыкталса, Федерация демилгени колго алып бир турнирге сырттан башкаруу киргизгени оң болмок. Эң жакшысы "Ала-Тоонун" жетекчилиги өздөрү демилгени колго алып, балдардын жолун буубай, сезонду ийгиликтүү жыйынтыктаса жакшы болбой беле.
6.5K viewsSamat, 17:19
Ачык / Комментарий
2022-05-24 17:04:21
"Көк-Мончок" "Сары-Өзөнгө" сатылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
4.8K viewsSamat, 14:04
Ачык / Комментарий