Get Mystery Box with random crypto!

Көкбөрү каналы

Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы К
Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы
Канал дареги: @kokboru_chanel
Категориялар: Спорт
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 3.48K

Ratings & Reviews

1.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

2


Акыркы Кабарлар 9

2022-09-24 19:14:12 Бүгүн мага Түркия тараптан расмий аккредитациядан өттүң деген билдирме келди. Буга чейин катчылыкка кат жазып, анкетаны толтурган элем. Жакшы эле барайын деп шымаланып жаттым эле, эми балдарыбыз аттары жок барат дегенден бери, мен деле самолётко билет алуунун зарылчылыгын көрбөй калдым. Өкүнүчтүү, ушунча күткөн Көчмөндөрдү каратып туруп узатат экенмин да.
1.6K viewsSamat, 16:14
Ачык / Комментарий
2022-09-24 12:00:44 Флешканы бошотуп жаткам, жөн эле саясый боёгу жок көрүп койгула.
2.0K viewsSamat, 09:00
Ачык / Комментарий
2022-09-24 11:55:04
Баяман
2.0K viewsSamat, 08:55
Ачык / Комментарий
2022-09-23 16:21:46 Барбай эле коюш керек дегенге каршымын. Эми балдар аттары жок болсо дагы бара берсин. Билеттер алынган, эл-жер көрсүн, ачылыш парадындагы концерттик программаны көрүшсүн. Ал жакта көкбөрү болобу-болбойбу эми принципалдуулугун жоготту.

Эми атыбыз жок барсак, эч ким эч нерсе дей албайт. Себеби ал жака дээрлик бардык команда жөө баратат. Бул деген кыргыз дагы, казак дагы өз өюндарын көрсөтмө иретинде гана оюн кыла алат дегенди билдирет. Эң негизгиси тайказан тарыхы кийинки көчмөнгө чейин жашай берет жана кийинкисине чейин бизде дагы убакыт бар.
1.8K viewsSamat, edited  13:21
Ачык / Комментарий
2022-09-23 16:08:01 Казактар көкбөрүнү жоготобуз деп жатып, көкпарын кыя чапты окшойт. Эми точно көкпар "фестиваль" болду окшойт. Биз менен казактар арендага ат алып чапсак, анда эле көкбөрү дагы, көкпар дагы "көрсөтмө оюн" менен чектелмекчи.
1.8K viewsSamat, 13:08
Ачык / Комментарий
2022-09-23 16:01:14 Акыркы маалыматтарга ылайык команда аттары жок бармай болууда. Учурда Түркия тарап менен ижарага ат алуу маселеси сүйлөшүлүүдө. Кыскасы балдарды оюндардын ачылышында параддан көрөбүз, андан аркысын айтуу кыйын болуп турат.
1.8K viewsSamat, 13:01
Ачык / Комментарий
2022-09-23 14:28:23 Биз деле бир беткей чечилсе билет алсакпы дегенбиз, бирок спортчуларды көрүп эки анжы болуп турабыз. Биягы так чечилгенче билеттер да кымбаттап кетмей болду.

Спорт министрлиги көкбөрү болот деп айтып келатканы бүгүн эле эмес, бир айдан бери айтып атат, бирок кептин баары ушу күнгө чейин жобо, регламентти кагаз менен көрсөтө албай оозеки келатканында болуп атпайбы.
2.0K viewsSamat, 11:28
Ачык / Комментарий
2022-09-23 14:10:15 Ал ортодо география кыскарып жатат. Расмий эмес маалыматтардан атаандаштардын бири саналган Алтай, Красноярск командалары Түркияга келбеси маалым болууда. Буга Орусияда мобилизациянын башталганы себеп болууда. Өзүнөр билгендей азыр Россиядан көпчүлүк согушка жарамдуу эркектер чыгып кетүүнүн айласын издешүүдө, ушундан улам командарга өлкөдөн чыгууга тыюу салынган.
2.0K viewsSamat, 11:10
Ачык / Комментарий
2022-09-23 14:05:49 Биздин курама команданын оюнчулары эки күндөн бери ипподромдун тегерегинде эле жүрүшөт. Баары тең азыркыга чейин так маалымат жок экенин айтышып, качан так информация келет деп күтүшкөнү күтүшкөн.
2.0K viewsSamat, 11:05
Ачык / Комментарий
2022-09-21 08:48:52
Кайрадан суроо, "Барабызбы?"
Anonymous Poll
47%
Барабыз
53%
Барбайбыз
1.7K voters3.4K viewsSamat, 05:48
Ачык / Комментарий