2023-02-01 20:25:20
Август айындагы Президенттик кубок эл аралык масштабда өтүшү мүмкүн. Ага 12 мамлекеттен клубдар чакырылууда. Бул "Чемпиондор лигасы" деп аталып, ага тек гана Биринчи лиганын командаларын катыштырууну максат кылынууда. Ал эми Жогорку Лига өз нугунда эле өтө берет. Ушундан улам Биринчи лигадагы клубдарга быйыл өзгөчө стимул болчудай.
2023-02-01 20:09:47
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы быйыл "Жогорку Кеңештин кубогун" уюштурууну демилгелөөдө. Бул жышаан ишке ашса Кыргызстандагы эң масштабдуу клубдук турнирлердин бири болорун айтышууда. Болжол менен бул турнир күз мезгилинде болмокчу.
2023-02-01 20:06:51
Бишкек федерациясы: 25-апрелде Бишкек мэриясы Бишкек шаарынын 145 жылдыгына карата чоң байгелүү турнир өткөрүүнү мерчемдөөдө. Азырынча турнирдин форматы, өткөрүү жери тактала элек. Бул турнирге жалпысынан 12 команда катышаары маалым болду.
2023-02-01 19:57:18
Биринчи лигада 12 команда болот. Квоталар төмөндөгүдөй бөлүшүлдү. Чүй - 2 квота Талас - 2 квота Жалал-Абад - 2 Ысык-Көл - 1 Нарын - 1 Ош шаары - 1 Ош облусу - 1 Баткен - 1 Бишкек - 1 P.S: экиден квота алгандар чүчү кулак тартуу менен аныкталды.
2023-02-01 19:51:53
"Сары-Өзөн" өзүнүн курамы менен чыга турган болууда. Башка клубга кеткен балдардын ордун толуктап, клуб күчтөнүп чыгууну максат койду. Клуб тууралуу ушул жумада Чүй федерациясы жыйын уюштурмакчы. Өз кезегинде "Ак-Шумкар" өз курамы менен жетекчилигине кайтып келди. Бардыгы өз нугуна келаткандай.
2023-02-01 19:47:51
Федерация Жогорку Лигада 8 команда болот деген чечимин өзгөрттү. Маселе кайра каралып, 6 командалык форматка кайтып келишти. Натыйжада Жогорку Лигада: 1) Сары-Өзөн 2) Ынтымак 3) Достук 4) Алай 5) Ак-Шумкар 6) Бакубат Талас командалары калды.
2023-02-01 19:41:59
Быйыл көкбөрү турнирлеринде Жогорку лига жана Биринчи лигадан тышкары Экинчи лига дагы болмой болду. Ага ар бир облустан экиден квота берилип жатат. Экинчи лиганын финалист эки командасы Биринчи лигага өтөт. Өз кезегинде Биринчи лигадагы акыркы орунду алган эки команда Экинчи лигага түшөт.