Get Mystery Box with random crypto!

Көкбөрү каналы

Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы К
Telegram каналынын логотиби kokboru_chanel — Көкбөрү каналы
Канал дареги: @kokboru_chanel
Категориялар: Спорт
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 3.48K

Ratings & Reviews

1.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

2


Акыркы Кабарлар 10

2022-09-21 08:41:13
Айбек Ажыгулов: Биздин аттарды самолет менен Түркияга алып барууга 300 мин доллар керек экен. Бирок көкбөрүгө ал жакта аянтча берген жок, жалаң жасалма командалар барып жатат. Бүгүнкү күндө кырдаал оор болуп, студенттер, мамкызматкерлер акча Баткенге чогултуп жатканда, мен андай документке кол коё албайм. Ушуга байланыштуу өз ыктыярым менен кызматтан кетем деп чечтим, себеби менден жогору турган адамдар документке кол коюшумду талап кылып жатат.
Бул акчага биз бул жерден эле кыргыз-казак оюндарын өткөрүп алмакпыз, анткени эки өлкөнүн көкбөрүсү акырындык менен жакшы байланыш түзүп баштаганын көрүп жатабыз.
3.4K viewsSamat, edited  05:41
Ачык / Комментарий
2022-09-21 06:08:36
Айбек Ажыгулов Улуттук оюндар боюнча дирекциянын башчылыгынан кетүү тууралуу арыз жазды. Буга Түркиядагы Көчмөндөр оюндарына кыргыз спорттору кирбей калганы бирден бир себеп.
Эң негизгиси Түркияда Кыргызстандан адегенде 7 спорттун түрү катышмак эле, бирок уюштуруучулар бизден Алыш күрөшү менен жаа атмайды эле кошуп Көкбөрү, кыргыз күрөш, эр эңиш, ордо оюндарын алып салып негизги оюндар казактардын Көкпар сыяктуу улуттук оюндары болуп калган. Ага макул болбой ул.оюндар дирекциянын жетекчиси кызматынан кетип жатат.
Кыязы биздин көкбөрү маселеси деле бир беткей чечиле элек окшойт, айтор бүгүн баардык маселелер ачыкка чыкмакчы.
3.2K viewsSamat, edited  03:08
Ачык / Комментарий
2022-09-20 14:30:24 45 жаштагы Кыргызстандын ардагерлери Казакстан менен ойноп жатат, түз эфирге киргиле



3.1K viewsSamat, 11:30
Ачык / Комментарий
2022-09-19 10:00:46
Баралыбы?
Anonymous Poll
70%
Барыш керек
7%
Барбай эле коюш керек
9%
Дагы алданып калабыз
14%
Че та ни то болчудай
1.5K voters3.4K viewsSamat, 07:00
Ачык / Комментарий
2022-09-19 09:48:51 Кыскасы биз тараптан барбайбыз деген бир беткей чечим уюштуруучулардын шаабайын суутуп салды өңдөнөт.
Эгерде биз барбасак, анда казактар да аттары жок бармак жана турнир өлөң-салаң өтмөк. Башында уюштуруучулар тоң моюндук кылып жатты эле, бирок кыргыз жок болсо ошончо мээнет менен Көчмөндөрдү өткөргөн түйшүгүң түккө арзыбай калаарын моюнга алышты. Ачкыла кучагыңарды КЫРГЫЗСТАН келатат!
3.3K viewsSamat, 06:48
Ачык / Комментарий
2022-09-19 09:43:01 Кайрадан көкбөрү тууралуу: акыркы маалымат боюнча Түркияда көкбөрү кайрадан боло турган чечим чыкты. 27-сентябрь балдар жана аттар Түркияга уча турган болду.
Акыркы сборду Бишкекте өтүп, андан соң чоң турнирге аттанышмакчы.
3.2K viewsSamat, 06:43
Ачык / Комментарий
2022-09-15 22:14:12 Көкбөрү жана кокпар эч качан АКШ менен өнүкпөйт. Венгрия, Франция, Түркия, Монголдор менен дагы өнүкпөйт.
Көкбөрү менен кокпарды кыргыз менен казак гана өнүктүрө алат. Бул демилгени кыргыз жакшы түшүнсө дагы, тилекке каршы казак федерациясы түшүнбөй койду. Алар бул спортту дүйнөгө алып чыгабыз деп космостогу кыял менен жүрөт, бирок бул спорт дүйнөгө тарачу спорт эмес.
Бир мисал: 2014-жылы I Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына Казакстан көкбөрүчүлөрү келбей коюп, финалда эки кыргыз командасы ойноп көкбөрү көркүнө чыкпай калган. Бул деген казак жок көкбөрү өнүкпөйт дегенге бир мисал.
Ал эми II жана III ДКОдо казак улакчылары келип турнир алда канча кызыкка батты. Бул казак барда майрам шаңдуу дегенге дагы бир мисал.
Эми Түркияга кыргыз барбаса деле улак болот дегилечи, бирок кайсы эл барып көрөт бул оюнду? Кыргыз жокто кайсы улак шаңга бөлөнөт? Кээ бир туристтер ал жакта кокпар болуп атканын билбей эле кетет.
Ошондуктан казактар быйыл болбосо да келечекте баары бир биз жок болсок көкбөрү (кокпар) өнүкпөсүн моюнга алып, алдыбызга келишет. Мына ошондо биз көкбөрү ойногула деген талапты койобуз. Азырынча Түркияда өздөрү менен өздөрү ойной берсин, биз болсо үйдө эле карап турганыбыз оң.
5.0K viewsSamat, 19:14
Ачык / Комментарий
2022-09-15 21:45:35 Негизи биздин бийлик, эл дагы деле алданып жүрөт. Түркияда эч кандай "Көчмөндөр оюндары" болбойт, ал жакта "Бүткүл дүйнөлүк этноспорт оюндары" болот. Бул проект 2010-жылдары Казакстанда түзүлүп, бирок кийин Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын" өткөрүп, долбоордун автору болуп калган. Бул аракеттер геосаясат менен алганда түрк тилдүү лидер өлкөлөрдүн ич күйдүлүгүн жараткан.
Мына эми арадан көп жылдан кийин Түркия менен Казакстан өзүнүн көмүскөдөгү долбоорун алып чыгып жатат жана 2-этноспорт оюндарын Казакстан өткөрөт деп макулдашып алышкан. Мунусунда Көчмөндөр оюндары болсо дагы эки жылдан кийин бул аталыш точно Казакстанда өзгөрөт.
4.5K viewsSamat, edited  18:45
Ачык / Комментарий
2022-09-15 21:33:11 Кыскасы жалгыз үмүт президент Садыр Жапаровдо калды өңдөнөт. Маалым болгондой ал 17-сентябрда Түркиянын президенти менен телефондон сүйлөшөрүн билдирген. Эртен Кыргызстандын бардык спорту боюнча курама командасы Түркия бараар-барбасы маалым болот.
4.3K viewsSamat, edited  18:33
Ачык / Комментарий
2022-09-15 21:23:53
3.5K viewsSamat, 18:23
Ачык / Комментарий