Get Mystery Box with random crypto!

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Telegram каналынын логотиби archamedia — АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA А
Telegram каналынын логотиби archamedia — АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
Канал дареги: @archamedia
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 2.05K
Каналдан сүрөттөмө

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Ratings & Reviews

3.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 4

2022-08-30 13:02:41
Б. Темировтун иши боюнча тергөөчү сотко күч менен алынып келинген жок.

Бул маалыматты бийлик тарабынан куугунтукталып аткан иликтөөчү журналист Б. Темиров өзү жазды.

Темировтун адвокаттары сотко тергөөчүнү алып келүүнү өтүнгөн. Сот келбеген тергөөчүнү күч менен алып келүү чечимин чыгарган.
313 views10:02
Ачык / Комментарий
2022-08-30 12:45:42
Садыр Жапаров да убагында бийлик үчүн бузуку, лжепатриот, көөдөнү сокур адам болчу-активист

Жарандык активист Нурбек Мухтар Садыр Жапаров Жетим-Тоо, Кумтөр, Жер-Үй деп чуркап жүргөндө ошол убактагы бийликке бузуку, лжепатриот, көөдөнү сокур адам болгонун саясий туткун Адилет Балтабайды бошотуу талабы менен өткөн митингде билдирди.

репортер.кж
312 viewsedited  09:45
Ачык / Комментарий
2022-08-30 12:35:28
Зеленский: Орус аскерлерин Украина чек арасына чейин кууйбуз

Украинанын президенти Владимир Зеленский мекендештерге видео кайрылуусунда украин армиясы орус аскерлерин чек арага чейин кууп чыгаарын билдирди.

Мамлекет башчысы армиянын, аскердик өнөр жай тармагынын жана өкмөттүн өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөргөнүн кошумчалады, бирок чоо-жайын ачыктаган жок. "Бул маанилүү тема, аны айтуу туура эмес. Бирок анын жыйынтыгын убакыттын өтүшү менен баары көрүп жатат. Биздин коргоочулар душмандын логистикасын, базаларын, командалык борборлорун талкалаганын көрүшөт. Биз муну улантабыз", - деп ишендирди Украинанын президенти.

Зеленский орус аскерлерине да кайрылды. "Үйүңө бар. Эгер Орусиядагы үйүңө кайтуудан корксоң, анда андай баскынчылар багынып беришсин, биз аларга Женева конвенциясынын бардык нормаларын аткарууга кепилдик беребиз", - деди украин лидери.

DW
314 viewsedited  09:35
Ачык / Комментарий
2022-08-30 11:23:29
Польша Евробиримдик гуманитардык визаларды кошпогондо, россиялыктарга виза берүүнү токтотууну талап кылууда, деди премьер-министр Матеуш Моравецки.

Нехта
328 views08:23
Ачык / Комментарий
2022-08-30 11:21:24
Талас МУнун ректору Айбек Упеновдун акча алып жаткан жана аны кармоо учуру
325 views08:21
Ачык / Комментарий
2022-07-08 14:04:12
16 жаштагы өспүрүмдү зордуктады деп айыпталып жаткандарды бошотуп жиберген судья кызматтан кетти

Бүгүн Жаналы Батырбеков деген судья 16 жаштагы кызды зордуктады деп айыпталган эки жаранды кое берип жибергени тууралуу маалымат тарап, резонанс жараткан.

Жогорку сот Бул окуядан улам судья Батырбеков Кыргызстандын Судьялар кеңешине өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирди.

Ошондой эле сот Батырбековдун жашы жете элек кызды зордуктады деп айыпталгандар боюнча чыгарган чечими боюнча сотко арыз түшсө кайра каралаары белгиленди.

Эскерте кетсек, укук коргоочу Назгүл Турдубекова Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы 16 жаштагы өспүрүмдү мыкаачылык менен зордуктап, камакка алынган эки адамды үй камагына чыгарып жибергенин билдирген болчу.
88 views11:04
Ачык / Комментарий
2022-07-08 13:28:39
Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков 16 жаштагы өспүрүмдү зордуктаган деп кармалган эки адамдын бошотулушу боюнча маалыматтарга жооп берди

Төрагалык кылуучу иштин чоо-жайын тактап, судьянын аракетинен жашы жете элек баланын укугу бузулуп жатканын көрүп, андан кийин «катуу реакция» башталган.

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Жаналы Батырбеков өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз менен Судьялар кеңешине кайрылды.

«Судья мындай чечимди анын иш-аракети анын кынтыксыздыгынан шектенүүгө негиз бергендигине байланыштуу кабыл алды, бул албетте бийликтин сот бутагынын беделине таасирин тийгизди», - деп билдирди Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Апрель.
134 viewsedited  10:28
Ачык / Комментарий
2022-07-08 13:09:58
Зомбулукка жол жок!
157 views10:09
Ачык / Комментарий
2022-07-08 13:05:49
Бийлик Ош жана Манас аэропортторун түрк компаниясына берүү оюнан кайтты

Өкмөт нааразычылыктар көбөйгөндөн кийин келишим Кыргызстандын кызыкчылыктарына туура келбейт деп чечиптир.
170 viewsedited  10:05
Ачык / Комментарий
2022-07-08 12:59:54
Бишкекте зомбулукка каршы митингчилер ИИМ министринин отставкасын талап кылып жатышат

Бишкекте Ленин райондук сотунун алдында балдардын зомбулугуна каршы митинг өтүп жатат. Ага жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер жана акыркы убактарда көп болуп жаткан балдарга карата зомбулукка каршы кайдыгер эмес жарандар катышууда.

Алар "Зомбулукка жол жок! Министр кетсин!"-деп кыйкырып жатышат. Белгилей кетсек ички иштер министри азыр Улан Ниязбеков.
169 viewsedited  09:59
Ачык / Комментарий