Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер:
2.05K
Каналдан сүрөттөмө
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
1
4 stars
0
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 2
2022-09-01 09:27:49
Талас мамлекеттик университетинин ректору бир айга камакка алынды Чечимди Талас облусунун соту чыгарды. Эскерте кетсек, эки күн мурун ректор Айбек Упенов УКМК тарабынан камакка алынган. Ага коррупция беренеси менен айып коюлуп жатат.
327 views06:27
2022-09-01 09:23:45
Токаев Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыяладыШайлоо быйыл күзгө белгиленген. Токаев шайлоого катышат.
Ал ошондой эле бир гана президенттик мөөнөттү - 7 жылдык сунуштоодо.
327 views06:23
2022-09-01 09:19:17
Президент Талант Мамытовго "эмгеги сиңген юрист" наамын берди
Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды берүү жарлыгы менен парламент төрагасы Талгат Мамытовго "Эмгеги сиңген юрист" наамын ыйгарды. Башка досу Камчыбек Ташиевге "КР баатыры" наамын берген.
327 views06:19
2022-09-01 09:06:54
Э. Сатыбалдиев «Даңк» медалы менен сыйландыСатыбалдиев К. Бакиевдин Генералдык прокурору, кеңешчиси болуп иштеген. 2010 - жылкы апрель окуялары боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Медаль депутатка өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий деңгээлин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги зор жетишкендиктери үчүн берилген.
359 views06:06
2022-09-01 09:03:43
Муфтият жаңы имарат Матраимовдун акчасына курулуп жатканын тастыктады Дин башкармалыгы азыркы имаратты ижарага алып келгендиктен, жаңысын куруу үчүн демөөрчүлөргө кайрылып, Матраимовдор куруп берүүгө макул болушкан.
329 views06:03
2022-09-01 07:40:21
УКМК төрагасы К. Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» даражасы ыйгарылды
Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды.
Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.
369 views04:40
2022-09-01 07:21:30
Зеленский Евробиримдикти орус мамлекеттик ММКларына бөгөт коюуга чакырдыПрезидент Владимир Зеленский Орусиянын мамлекеттик телеканалдарын көрсөтүүгө жана орусиялык медиа кызматкерлеринин Европа өлкөлөрүндө болушуна тыюу салуу зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал 31-августта Прагада өткөн «Форум 2000» жылдык конференциясынын катышуучуларына кайрылуусунда билдирди.
Тактап айтканда, ал Орусиянын террордук мамлекет катары потенциалы ага каршы киргизилген санкциялар менен али жок боло электигин белгиледи.
Мындан тышкары, Зеленскийдин айтымында, Орусиянын банк системасынын эл аралык рынокко чыгуусуна толук бөгөт коюу керек.
Delo ua
357 views04:21
2022-09-01 06:03:43
Путиндик режимге каршы оппозициянын аракеттерин бириктирүү. Эркин Орусия Конгрессинин жыйыны башталды Орусиянын аракет комитети Конгресстин жыйыны Вильнюста өтүп жатат. Иш-чарага Кыргызстандан оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков чакырылган. Бирок сот анын өлкөдөн чыгуусуна тыюу салган. Ага карабай Жээнбеков онлайн доклад жасаарын билдирген.
376 views03:03
2022-08-30 20:11:28
“То что происходит сейчас [по Кумтору] для меня сюрприз” - Т. Болтурук
228 views17:11
2022-08-30 19:59:41
“Эмне үчүн мен бирөөнү “подстава” кылышым керек”- милициянын ага лейтенанты С. Жапаровко кайрылдыСыргакбек уулу Ош областынын ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ж. Абитов аны куугунтуктап атканын айтууда.
233 viewsedited 16:59