Get Mystery Box with random crypto!

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Telegram каналынын логотиби archamedia — АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA А
Telegram каналынын логотиби archamedia — АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
Канал дареги: @archamedia
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 2.05K
Каналдан сүрөттөмө

Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!

Ratings & Reviews

3.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 3

2022-08-30 19:17:05
Навальный абактагы саясий ишмердүүлүгү үчүн ШИЗОго камалды

Шейшембиде камактагы орусиялык оппозициялык саясатчы Алексей Навальный саясий ишмердүүлүгү үчүн жазалоо үчүн бир айдын ичинде үчүнчү жолу түрмөнүн ШИЗОсуна камалганын билдирди.

ШИЗО шарты катаал түрмөнүн ичиндеги түрмө.

Навальный кептин баары анын “камактагы адам үчүн өтө эле саясий активдүү экенинде” деп жазган.

«Мен түзгөн камактагылардын профсоюзу чоң кыжырданууну жаратууда: «Алар бул жерде профсоюздарды түзүш үчүн мени түрмөгө камашкан жок», - деди ал.
269 views16:17
Ачык / Комментарий
2022-08-30 19:12:02
Райымбек Матраимов муфтияттын жаңы имаратын куруп берип жатабы?

Социалдык тармактарда бажы кызматынын мурдагы төрагасы Раимбек Матраимов менен муфтий Замирбек Ракиевдин пайдубалга капсула салып жаткан сүрөтү тарап жатат. Анда колдочуулар Матраимов муфтиятка жаңы имарат куруп берип жатканын жазышууда.
266 views16:12
Ачык / Комментарий
2022-08-30 19:09:22
Футбол: Садыр Жапаровдон экинчи гол

Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрүнүн футбол боюнча ардагерлеринин беттеши 3:3 эсеби менен жыйынтыкталды. КМШ футбол ардагерлери менен эсепти Президент Садыр Жапаров тенеди.
236 viewsedited  16:09
Ачык / Комментарий
2022-08-30 17:58:44
19 тонна алтын кайдакени таптык | Temirov LIVE KG || Болот Темиров.

Августтун ортосунда “Азаттык” радиосу маалымат бомбасын жарды. Тек, 2021-жылы 19 тонна алтын кайда сатылганын эч ким билбей калган.

19 тонна алтынды кайда сатышты? Мынча алтын кайсы өлкөгө сатылганын бийлик эмне үчүн жашырууну чечти? Жок болуп кеткен алтын темасын тереңирек изилдеген бүгүнкү видеобузду көрүңүз!

@bolottemirov
269 views14:58
Ачык / Комментарий
2022-08-30 17:26:54
Президент катышкан футбол. Садыр Жапаров гол киргизди

Азыр Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан жана КМШ өлкөлөрдүн футбол боюнча ардагерлери беттеш өткөрүп жатат. Биздин курамада Президент Садыр Жапаров ойноп жатат.
283 views14:26
Ачык / Комментарий
2022-08-30 17:13:49 "Убагында Садыр Жапаров да куугунтукталган. Бүгүн ал бийликте. Активисттер куугунтукталып жатат!" - Бишкекте камактагы активисттерди колдоо митинги өттү.

Бүгүн 30-августта Өкмөт үйүнүн алдында митинг болуп өттү. Чогулгандар камактагы активисттерге колдоо сөздөрүн айтышты жана президент Садыр Жапаровго аларга боштондук берүүнү суранып кайрылышты.

Митингге чыккандарга милиция кайрылуу жасап, соттун чечими боюнча митингдерди бир гана М.Горький атындагы гүлбакта өткөрүүгө уруксат экенин айтты.

Кайрылуудан улам чогулгандар өз акциясын Горький атындагы гүлбакта улантышты.



292 views14:13
Ачык / Комментарий
2022-08-30 15:52:36
Садыр Жапаров азыр маалыматтарды жашырсаңар дагы, дүйнө бөлөк, жашыра албайсыңар. Активист президентке кайрылды

Активист Атай Бейшенбек Фейсбук баракчасына видео кайрылуу жасап, билдирүү жазды.

"Достор, алтын кайда экенин таптык… эми баасын аныктайлы… Великобританияга 4 тонна алтын саттык эле, биздин статком тоннасын 57 млн доллар десе, Trademap - 58ден сатышкан дейт… 4 млн где?!

Эмнеге Кытайга, Тайвань мамлекетине 36-37 млн доллардан тоннасын сатканбыз… “скупочный баа “менен уруп ийдиңер беле?!",-деп жазды Атай Бейшенбек.
301 views12:52
Ачык / Комментарий
2022-08-30 14:32:05
Эгемендүүлүк майрамын белгилөөгө 2 миллион сом жумшалат-мэрия

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилөө иш-чараларын уюштурууга Бишкек 2 млн. сом каражат сарптайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, бул каражат үн чыгаруучу аппараттын ижарасына, жасалгаларга, транспорт жана чыгармачыл топту жалдоого кетет. Мындан сырткары буга биодарааткана орнотуу дагы кирет.

Эгемендик майрамынын биринчи бөлүгү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров баш болгон өлкө жетекчилери катышып, театралдашкан оюн-зоок программасы көрсөтүлөт.

Ал эми кечки саат 19:00дө Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында жергиликтүү ырчылардын катышуусунда майрамдык концерт уюштурулат. Мэрия быйыл фейерверк атылбай турган болду.

Азаттык.
326 viewsedited  11:32
Ачык / Комментарий
2022-08-30 14:17:56
311 views11:17
Ачык / Комментарий
2022-08-30 14:11:43
Зелеский Украинаны калыбына келтирүү үчүн канча каражат керектелерин айтты

Украинанын президенти Владмир Зеленский согуштан кийинки Украинаны калыбына келтирүү үчүн 600-800 миллиард доллар керектелерин айтты.

«600-800 миллиард Луганодо айтылган. Бул сумма далилденген аналитика менен ушундай көлөмдө кыйроо болду деп эсептейбиз. Баарын жаңыдан калыбына келтирүү үчүн болжол менен ушундай көлөм керек ”, - деди Зеленский.

Бирок, Зеленский согуштук аракеттер бүтө элек болгондуктан, өлкөнү калыбына келтирүү үчүн талап кылынган так сумманы айтуу кыйын экенин белгиледи.
313 views11:11
Ачык / Комментарий