Get Mystery Box with random crypto!

NGen окуучулар үчүн каналы :)

Telegram каналынын логотиби zhrt20 — NGen окуучулар үчүн каналы :) N
Telegram каналынын логотиби zhrt20 — NGen окуучулар үчүн каналы :)
Канал дареги: @zhrt20
Категориялар: Билим берүү
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 503
Каналдан сүрөттөмө

Окугандар акылдуу, улук болоор,
Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор.
(Ж.Баласагын)
Ар күнү ар тараптуу маалымат алыңыз
Ар тараптуу өнүгүңүз, билим кудугун биз менен чогу казыңыз.🤩🤗
🌍NGEN БИЗ МЕНЕН ӨЗ КЕЛЕЧЕГИҢДИ КУР
Суроолор боюнча @akmoor_zh

Ratings & Reviews

2.33

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

0

1 stars

2


Акыркы Кабарлар 2

2022-06-26 17:55:31
#технологиясырлары
1.1K viewsAkmöör , 14:55
Ачык / Комментарий
2022-06-24 18:11:38
КЫТАЙ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮГӨ 3 СЕБЕП:

1. Эң чоң бизнес рыногундагы түздөн-түз байланыш
2. Кытайда окуу мүмкүнчүлүгү
3. Тарыхый кинолорду котормосуз көрүү

Кыскасын айтканда, биз дайымкыдай кыялдарды орундатууну улантабыз!

Бул ирет #кытайтилин акысыз окуталы деп чечтик!

Төмөндөгү жөнөкөй шарттарды аткарып, туптуура 7 күн дүйнөдөгү эң көп сүйлөшүлгөн тилди биз менен үйрөнүңүз!

КУРСКА КАТТАЛУУ ҮЧҮН:
1. Ушул постко лайк басып, биздин баракчага катталыңыз
2. Комментарийге 3 досуңузду белгилеп, ушул постту сториске бөлүшүңүз

Шарттарды аткарган соң #дайректке + белгисин жибериңиз, сизди кыялыңызга жеткирип, көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачып берели!

БУЛ МҮМКҮНЧҮЛҮКТҮ КОЛДОН ЧЫГАРБАҢЫЗ!
ДОСТОРУҢУЗ МЕНЕН БӨЛҮШКӨДҮ УНУТПАҢЫЗ:)

NGen: Биз менен өз келечегиңди кур !
А сиз биздин инстаграм баракчага катталгансызбы?
Катталуу үчүн

https://www.instagram.com/tv/CfJrUs8g90a/?igshid=YmMyMTA2M2Y=
1.1K viewsAkmöör , edited  15:11
Ачык / Комментарий
2022-06-23 20:16:45 #жрт

Табу — Полинезиянын диний ырым-жырымдарынан алынган термин, учурда этнография жана социологияда өзгөчө тыюуу салууларды белгилөө системасы, бул сөздүн белгилери түрдүү аталышта ар кандай өнүгүү деңгээлиндеги бардык элдерде табылган. Өтмө мааниде табу ар кандай тыюууну түшүндүрүшү мүмкүн, тыюууну бузуу ар качан коомчулукка коркунуч жаратуу катары каралат, жана ал коркунуч так баамдалбайт.

Кыргыз тилинде (лингвистикада) табу — өз аты менен атоого, тыюуу салынган тергөө сөздөр, сөз айкаштары жана энчилүү аттар.

Табу сөздөр
«Кайберен энеге кол тийгизген оңбойт» — «Ак илбирстин тукуму» кинофильминен, режиссер: Төлөмүш Океев.

Константин Юдахин — дарттын чыныгы аталышын атоо, анын тездик менен таралып кетишин шарттайт деген элдик ишеним болгон. Ошол себептен кыргыздар «чечекти» — «улуу тумоо», «чыйканды» — «сыздоок», «келтени» — «кара тумоо», «безгекти» — «калтыратма» деп атап, табу сөздөрүн колдонушкан дейт.

Жаныбарларга айтылган табу сөздөр: аюу — өтөгөн, карышкыр — кашабаң, бөрү, ит-куш, улума, жолборс — шер.

Кыргыз турмушунда табу антропонимдерде, адам аттарын тергөөдө кеңири колдонулат. Мисалы: Арыкбай — Өстөн аке, Сайра, Сайракан, Сайрагүл — булбул (жеңе, эже ж. б. тууганчылык жана кишинин жаш өзгөчөлүгүнө ылайык сөз жанаша айтылат). Адамдын атын тергеп айтуу кыргыз элинде улууну урматтоо, кичүүнү кадырлоо себебинен пайда болгон.

Кыргыздардагы дагы башка табу сөздөр: албарсты — сары кыз, жаман оору — улуу тумоо
892 viewsAkmöör , 17:16
Ачык / Комментарий
2022-06-17 21:41:50 #Кызыктуу
Изилдөө: Бир жума бою социалдык тармактардан баш тартуу тынчсызданууну жана депрессиянын белгилерин азайтат.

18 жаштан 72 жашка чейинки 154 ыктыярчы 2 топко бөлүнгөн. Биринчи топко бир жума бою социалдык тармактарды колдонууга тыюу салынган. Ал эми экинчи топ кадимки күндөрдөгүдөй (күнүнө 9 сааттын тегерегинде) социалдык тармактарда отура беришкен.

Бир жумадан кийин биринчи топтогу адамдардын маанайы жакшырып, оптимизм пайда болуп, тынчсыздануу азайып, уйку жакшырганы белгилүү болду.
1.2K viewsAkmöör , 18:41
Ачык / Комментарий
2022-06-16 21:15:16
#денсоолук
1.1K viewsAkmöör , 18:15
Ачык / Комментарий
2022-06-13 09:54:37
#Кызыктуу
1.3K viewsAkmöör , 06:54
Ачык / Комментарий
2022-06-10 14:53:37 Ютубка видеолорду жүктөөнү улантып жатабыз

Катталып ой-пикир бөлүшүп койсоңуздар



1.3K viewsАрзыбек Джураев, 11:53
Ачык / Комментарий
2022-06-09 17:34:18
#технологиясырлары
988 viewsAkmöör , 14:34
Ачык / Комментарий
2022-06-08 18:38:39 #жрт

Аныктооч

Грамматикалык катнаш жагынан өзүнөн кийинки келген зат атооч, же заттык мааниде айтылган аныкталгыч сөздөргө багыныңкы абалда келип, алардын сапатын, белгисин, касиетин, сан-иретин, же бир жакка (кимдир бирөөгө) таандык экендигин билдирип турган айкындооч мүчөнү аныктооч дейбиз.

Түзүлүшү жагынан аныктооч сөздөр атооч жана илик жөндөмөсүндө турат да, сүйлөм тизмегинде кандай? кайсы? канча? нече? канчанчы? неченчи? кимдин? эмненин? деген суроолорго жооп болуп түшөт. Мисалы: Белдин өзүнөн Кең-Төрдүн дайын көрүнгөнү менен, Татаалдын ичи далдаада калар. Куш-Күңгөйдүн чокусуна чейин баргын да, эки төрдү чал. (Т. С.) Белгисиз жигит Токтогулдун башын сол колу менен бапестеп көтөрүп, оң колу менен кичинекей кара көнөчөктү оозуна алып барды. (А.Т.)

Жөнөкөй жана татаал аныктооч
Бир сөздөн турган аныктооч жөнөкөй аныктооч, эки же андан ашык сөздөн турган аныктооч татаал аныктооч деп аталат. Мисалы: Күлүк ой, узун сана, түпсүз кыял Ажарды кучагына алды. (К.Б.) Калдайган кара булут каалгып жылып барып, Ыйлаак-Тоо деген бийик чокунун башына конду. (Н.Б.) Бул - Кичи-Кеминдин оозундагы казак-орус кыштагы. (К.Б.)

Аныктоочтун милдетин аткаруучу сөздөр

1.Сын атооч сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Мына бул түтүгүнөн түтүн бураган чоң ак үйдүн өйдө жагындагы дөбөчөдө казанбактай чоң тебетейди желкесине баса кийип, жаңы трайке чепкенин желбегей жамынып, жаңы кыйылган ыргай таякка сүйөнгөн Мамбеткул түштүк багыттагы төш тарапты карап, кыдыңдаган карт көзүн жылтыратып, ууртунан күлүмсүрөйт. (Т.А.)

2.Зат атоочтор аныктоочтун милдетин аткарат: Тизмектелген Ала-Тоонун чокуларына күн нурун чачты. (К.Б.) Күндүн кышкы алсыз илеби Кочкордун кар түшкөн беттерине чачырап, ар бир жыбыттарды оттон жасалган изин ийне сыяктуу сайгылай баштады. (Н.Б.)

3.Сан атоочтор сүйлөм тизмегинде аныктоочтук милдетти аткарат: Кырмандын чет жакасын шыпырып, оодарып жаткан бир-эки киши көрүнгөнсүйт. (К.Б.) Туура саат беште күтөм. Андан беш минута өтсө, күтпөймүн, — деди Өмүрбек. (А.К.)

4.Ат атооч сөздөр аныктоочтук милдетти аткарат: Тиги өзөндүн боюндагы чатырдай аппак үйлүү калың айыл — ушул Каныбектин кожоюндарынын айылы. (К.Ж.) Эртеңден баштап бардык жаштар ишке киришмек болушту. (Н.Б.) Жамгыр алардын бетине чаба жаап турду. (Н.О.)

5.Атоочтуктар аныктоочтун милдетин аткарат: Бала кездерде ойноп жүргөн таштарга, серпишкен булактарга учурашкысы келет. (Т. С.)

6.Кыймыл атоочтор аныктоочтук милдетти аткарат: Мен ага Москвага баруунун жолун айттым.

7.Тууранды сөздөр аныктоочтун милдетин аткарат: Шылдыр суу анын кулагына жакшы угулду. (А.Т.) Ал кажы-кужу сөздү уккусу келген жок.

8.Заттык мааниге өтүп колдонулган сырдык сөздөр да аныктоочтук милдетти аткарат: Ал элес бир чиркиндин муңун чалса, бирөөнүн кетүүчүдөй черин жазып. (К.М.) Баракелденин бары жакшы, кокуйдун түбү жаман
1.0K viewsAkmöör , 15:38
Ачык / Комментарий
2022-06-07 09:37:58
#четолкоготапшыруу

Улуу Британиянын Бристоль университетинин стипендиясы

Бристолл университети 2022-2023 окуу жылына Мари Склодовска-Кюри стипендиясын сунуштайт. Стипендия ар кайсы өлкөлөрдөн келген талапкерлер үчүн жеткиликтүү. Стипендия Бристол университетинде 12 - 24 айга изилдөө үчүн төлөнөт. Стипендия изилдөө жана инновациянын бардык тармактарында төлөнөт. Долбоорлорго үчүнчү жактардын (музейлер, бейөкмөт уюмдар, архивдер, кайрымдуулук фонддору) катышуусуна жол берилет.

Стипендия төлөйт:
Турак жай – €55 800
жөлөк пул — айына 600 евро + үй-бүлөлүүлөр үчүн айына 500 евро;
Конференцияларга жана семинарларга катышууга колдоо көрсөтүү – айына €650
Дагы башка чыгымдар үчүн жөлөкпул – айына €800

Мөөнөтү(дедлайн): 2022-жылдын 1-сентябры

Кененирээк маалымат

http://www.bristol.ac.uk/arts/research/postdoctoral-opportunities/uk-marie-skodowska-curie-individual-fellowship/
1.0K viewsAkmöör , 06:37
Ачык / Комментарий