Get Mystery Box with random crypto!

#жрт Табу — Полинезиянын диний ырым-жырымдарынан алынган тер | NGen окуучулар үчүн каналы :)

#жрт

Табу — Полинезиянын диний ырым-жырымдарынан алынган термин, учурда этнография жана социологияда өзгөчө тыюуу салууларды белгилөө системасы, бул сөздүн белгилери түрдүү аталышта ар кандай өнүгүү деңгээлиндеги бардык элдерде табылган. Өтмө мааниде табу ар кандай тыюууну түшүндүрүшү мүмкүн, тыюууну бузуу ар качан коомчулукка коркунуч жаратуу катары каралат, жана ал коркунуч так баамдалбайт.

Кыргыз тилинде (лингвистикада) табу — өз аты менен атоого, тыюуу салынган тергөө сөздөр, сөз айкаштары жана энчилүү аттар.

Табу сөздөр
«Кайберен энеге кол тийгизген оңбойт» — «Ак илбирстин тукуму» кинофильминен, режиссер: Төлөмүш Океев.

Константин Юдахин — дарттын чыныгы аталышын атоо, анын тездик менен таралып кетишин шарттайт деген элдик ишеним болгон. Ошол себептен кыргыздар «чечекти» — «улуу тумоо», «чыйканды» — «сыздоок», «келтени» — «кара тумоо», «безгекти» — «калтыратма» деп атап, табу сөздөрүн колдонушкан дейт.

Жаныбарларга айтылган табу сөздөр: аюу — өтөгөн, карышкыр — кашабаң, бөрү, ит-куш, улума, жолборс — шер.

Кыргыз турмушунда табу антропонимдерде, адам аттарын тергөөдө кеңири колдонулат. Мисалы: Арыкбай — Өстөн аке, Сайра, Сайракан, Сайрагүл — булбул (жеңе, эже ж. б. тууганчылык жана кишинин жаш өзгөчөлүгүнө ылайык сөз жанаша айтылат). Адамдын атын тергеп айтуу кыргыз элинде улууну урматтоо, кичүүнү кадырлоо себебинен пайда болгон.

Кыргыздардагы дагы башка табу сөздөр: албарсты — сары кыз, жаман оору — улуу тумоо