Get Mystery Box with random crypto!

А мыйзам иштебеген, соттор адилеттүү болбогон, укук коргоо орг | Ulan Usoiun

А мыйзам иштебеген, соттор адилеттүү болбогон, укук коргоо органдары таза иш алып барбаган жерде өнүгүү, өсүү жана бюджетке акча толуу болбойт.

Миң сом кирсе, бюджетке 1 сомун көргөзүшөт. Баягы эле уурулар жең ичинен байыйт.
А карапайым Эл акчасвн уттуруп, азапка батат.

Кыргыздар кирбейт деген болбогон сөз, өйдөдөгү 4 нерсе нормалдашпайын кыргыздар баардык жерден кычык табышат)

А моралдык, диний көз карашыбызга туура келеби, келбейби башка кеп.
А мен бул жерде иштеп жаткан өлкөнүн мисалында жаздым.

Дагы бир жолу жазам:
Тилекке каршы, өйдөдө жазгандардын бирөөсү да бизде иштебейт жана камсыздалган эмес.

Ошого, азыр казино ачуу туура эмес жана жакшылыка алып келбээрин баса белгилейм!

Бизде ачыла турган болсо, коррупциянын, мыйзамдагы уурулардын, ОПгнын эле күнү тууйт.
Жалпы Элге эч пайдасыз болот!

Сунушталган козино мыйзамы дагы, курулат деген “Асман” шаары дагы баары эле бир эки кызыктар топ үчүн эле жасалып жатканы айдан ачык.

“Асман” шаары Кыргыз Элинин шаары эмес, Бир эле Крим Төбөлгө кызмат кылган, казино шаары болот.

Мурун бандиттер бийликтен сырткары болсо, азыр чечим кабыл алуу деңгээлине чыгып, бандиттер, аферистер мыйзам чыгартуу аркылуу баарын өздөрунө ыңгайлаштырууда.

Бул нерсе бизди туңгуйука алып барат.