Get Mystery Box with random crypto!

Муфтиятты, аалымдарды казино боюнча үн катпайт дегендерге: Ала | Ulan Usoiun

Муфтиятты, аалымдарды казино боюнча үн катпайт дегендерге:
Алар үн катпай абдан туура кылышты. Дин саясаттан тыш, баш мыйзамда да так көрсөтүлгөн. Саясий чечимдерге аралаша албайт.
Анткени биз “светтик” өлкөбүз!

Муфтият чечимдерге аралашсын, чечим кабыл алсын десеңер, анда түз эле “халифат” болуп алалы.
Убара болуп президентти, депутаттарды шайлап не кыласыңар?
Муфтийди президент, аалымдарды депутат деп атап салгыла анда!

Муфтиятты күнөөлөгөндүн, алардан талап кылгандын оордуна,
ураалап шайлап алган президент Жапаровтон, шайлап алган 90 деппутаттан сурагыла, талап кылгыла!
Ошолорду силер шайлап жөнөткөнсүңөр, жашооңор жыргайт деп ошону силер тандап алгансыңар!

А бүгүнкүдөй наалып калбаш үчүн,
шайлоого барып, 2000 сомго сатылбай, туура тандоо жасап, эмоция менен ураалап, тууган экен, тааныш экен, түрмөдө биз үчүн жатты деп актап жактабай, колунда бардын камчысын чаппай шайлаш керек!

Биздин жана биз тандагандардын денгээли менен көп эле азап тартабыз!
Казино башталышы эле.

#казиноачылбасын