Get Mystery Box with random crypto!

Казино боюнча.(аягына чейин оку) Мына, башка өлкөлөо деле каз | Ulan Usoiun

Казино боюнча.(аягына чейин оку)

Мына, башка өлкөлөо деле казинолорду иштетип жатышат.
Байлык алып келүүдө, бизде иштетип байыйбыз - деп жатышатго биздин Жапаровтор, эми аларга:
Казиного уруксаат берилген, аябай тез өнүгүп жаткан, курорттук шаар Батумиден, Грузия өлкөсүнөн жооп:

Батуми кантип тез өнүгүп жатат, казинонун өнүгүүдө салымы кандай, алар кандай шартта иштешүүдө.
Өлкөгө пайда алып келүү үчүн кандай эрежелер жана шарттар керек экенин бир экөөсүн жазайын, а сиз болсо салыштырып, баамдап, өзүңүз чечим чыгарыңыз.

Батумиде өнүгүү жана казиного уруксат берүү Саакашвили келгенде башталган.

Бирок, ал уруксаат бергиче көп реформа жасаган, мурунку калыптанган системаны түп тамыры менен өзгөрткөн.

Ал кандай реформалар болгон:

1. Сот реформасы жасалып, соттор көз карандысыз иш алып бара баштаган!
Бул абдан маанилүү жана биринчи кадам болгон.
Сотторду тандап алуу эрежеси өзгөргөн. Саакашвилиге чейин сотторду президент дайындап жана кызматтан алса, Саакашвилинин конституциялык реформасынан кийин сотторду атайын - юстиция кеңеши тандап калган.

Ошону менен президентке да баш ийбеген, керек болсо президенттин өзүн соттойм деген эркин, күчтүү соттор келген.
Ошол маалда атактуу Юстиция имараты да курулган.
Сот бийлиги ушунтип чын эле күчтүү бийликке айланган.

А бизде сот бийлиги жана соттор кандай экенин жакшы билесиңер да э?

2. Аткаруу бийлигин түп тамыры менен өзгөрткөн жана жаңы адамдарды алып келген, айлык акыны көтөргөн.
Анын ичинде укук коргоо органдарын тыкыр реформа кылган.
Бир маалда баардык укук коргоо (полиция) кызматкерлерин кызматтан кетирип, ар бирин экзамен менен кабыл алып, айлыктарын аябай көбөйткөн. Баардык шартты түзгөн. Чыныгы иштейм деген, булганбаган, таза кадрлар келген.
Он миңдеген мурунку кызматкерлер жумушсуз калышкан.
МЧС, прокуротура,полицияда болгон реформанын айынан 50 миңден ашуун кызмат орду кыскарган.
Азыр сурамжылоонун жыйынтыгында 80% калк полицияга ишенет.
Грузия коопсуз өлкө индекси боюнча 125 өлкөдөн 5 орунга чыккан.

Бул деген эреже иштейт, полиция коргойт, соттор адилеттүү чечим чыгарат дегени.

А сиз биздин милицияга, сотторго ишенесизби?

Буга кошумча: Баарыбыз билген айнектен полиция имараттары курулган. Имараты эле эмес өздөрү да ачык айкын иш алып барып калган.
Патрулдук полиция брендге айланган.

3. Коррупция менен аесуз күрөшкөн.
3000 ден ашык чиновник камалган. Полиция, врач, чиновниктердин взятка алуусу жокко чыккан.
Чиновниктер уурдаса камакта өмүрү өтөөрүн, таза жана жакшы иштесе өсүү мүмкүнчүлүгү бар экенин сезишкен.

Коррупция боюнча 2003-жылы 176 өлкөнүн ичинен 127 орунда турса, Саакашвилинин реформасынан кийин 47-орунга чыккан. Италия өндүү өлкөлөрдөн да алдыга чыккан.

Бизде чын эле коррупция менен күрөш жүрүп жатат деп ишенесизби?
Коррупцияга айыпталып, кускандар депутат, чиновник болуп келип жатканына кандай карайсыз?

3. Криминалга чекит койулган.
Мыйзамдагы ууруларга, ОПГнын мүчөлөрүнө 48 сааттык эскертүү менен Грузиянын аймагынан сүрүп чыккан. Баш көтөргүс кылган.
Ага чейин Грузия криминалдын башкаруусунда болгон.

Азыр бизде кандай болсо буларда илгери ушундай болгон

А бизде кимдер башкарып жатканын күбүр шыбыр болуп айтылып жататго?
Азыр эң эле күчкө ээ ким экенин жакшы билесиңерда?!

4. Эми казино боюнча.
Казино ачуу үчүн лицензия алуу азыр 638 миң долларды түзөт. Бул былтыр эки эсе баасын ылдыйдаткандан кийин. Мурун 1,6 миллион доллар болгон.
А казинону ачуу буларга инвестиция тартуу жана өлкөгө акча алып келүү үчүн керек болгон. Грузия абдан ыңгайлуу казиного аймак.

Казино артынан дүйнөлүк атактуу отелдер өз отелдерин ачкан жана курулуштарын баштаган.

Алардын келүүсүнө жол ачкан жогорку жакта жазылган көз карандысыз сот системасы, коррупциясыз чиновниктер жана ишенимдүү, взяткасыз иш алып барган укук коргоо органдары болгон.

Кыскасы, мыйзамдар толук кандуу иштеген!
А мыйзамдар абдан эле сапатту жазылган. Аны укук коргоо органдары мыкты көзөмөлдөгөн. А мыйзам бузулса соттор адилеттүү чечим чыгарган.

А мунун баары ишенимге алып барат, а биз бийлике, сотторго, күч органдарына ишенебизби?

Мисалы мен ишенбейм.