Get Mystery Box with random crypto!

Тээ илгери окууга келгенде менда жатаканада жашадым эле. Бизди | Ulan Usoiun

Тээ илгери окууга келгенде менда жатаканада жашадым эле.
Биздин жатакананын акыбалы мышык ыйлаардык болчу!
Кыштагы суукта жашаш мүмкүн эмес болгондо чыгып кеткем.
Вахтада тургандар менен жатакананын жетекчисинин мамилеси кулдарга мамиле кылгандай эле.
Жатакананын жарымы болсо квартиранттарга толгон.

Душ деген неме деле жок, кээ бир эле жогорку курстар өздөрү жасап алганы болбосо.

Азыр өзгөрсө керек десем, азыр деле ошол экен.

PS: Манас универинин жатаканасын бир көрүп койгула, шаардага квартиранттардын көбү да андай шартта жашабайт.

Айткандай, баардык жерде эле жаман эмес, илгери мен көргөн мамлекеттик жатаканалардан Искусство универи менен Улуттук Консервоторияныкы ортодон жогору болчу. Азыр кандай билбейм.

Улуттук универдин жатаканасынын шартын бул видеодон көрүп коюңуз.

Иии анан, акчасы болсо жатаканага жашабай эле койбойбу дегендер чыгат:
Акчасы болсо силерге айттырбай эле жашап алмак.
Азда болсо акча төлөткөн жатакана жакшы шарт бере албаса алардын эмне кереги бар?
Билим керек, билимдүү бололу дейбиз, билимге мамиле, шарт тузө албасак эмнеге анда мынча универлерди кармап, акча коротуп олтурабыз дейм да.
Кыскасы жаза берсең сөз көп!