Алмазбек Бейшеналиев кайрадан билим берүү министри болду Ти | Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Алмазбек Бейшеналиев кайрадан билим берүү министри болду
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин министрликти жетектеп келген Болотбек Купешов кызматтан алынды.
Бейшеналиев 2020-жылдын октябрынан 2021-жылдын май айына чейин билим берүү министри болуп иштеген. 2021-жылдын июнь айында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалган. Август айынын башында Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болгон.