Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 11
2022-02-08 08:32:03
Бишкектин батыш тарабына кире берген жерде жашыл аймак пайда болот
Дэн Сяопин проспектисинин Алыкуловдон Кустанай көчөсүнө чейинки бөлүгүн көрктөдүрүү үчүн Кытайдын Циндао шаары 8 млн сом бөлгөн.
Декабрда Бишкек менен Циндао шаарлары боордоштук мамилелерди түзүү боюнча келишимге кол коюшкан.
@Sputnik_Kyrgyzstan
762 viewsedited 05:32
2022-02-08 07:56:16
Көчмөндөр оюндары сентябрь айында Түркиянын Изник шаарында өтөт
Бул тууралуу Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раев билдирди.
"Бүгүнкү күнгө карата 76 мамлекеттен 2050 этноспортчунун катышуусу күтүлүүдө. Оюндарга даярдыктар башталып, салтанаттын ачылышы менен жабылышына Түркиянын эң мыкты режиссерлору жана сценаристтери тартылган", ― деп жазды Раев.
@Sputnik_Kyrgyzstan
777 views04:56
2022-02-08 06:38:48
8-февралга карата коронавирус боюнча статистика: 98 учуру катталды (бардыгы 199 617)
308 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 191 397)
4 адам каза болду (бардыгы 2 909)
@Sputnik_Kyrgyzstan
55 views03:38
2022-02-07 15:24:03
Орозбеков көчөсүндө алдын ала маалымат боюнча металл буюмдары сакталган кампадан өрт чыкты. ӨКМдин маалымат кызматы Орозбеков көчөсүндөгү 273-үйдөн өрт чыгып, чалуу түшкөнүн тастыктады. Жерине бир өрт өчүрүүчү бригада тартылды.
@Sputnik_Kyrgyzstan
944 viewsedited 12:24
2022-02-07 13:38:35
Кыргыз-тажик чек арасын демаркация жана делимитациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтор жолугушат
10-15-февралга белгиленген жолугушуу Кыргызстанда өтөт.
Топографиялык жумушчу топтордун иши эки айдан ашык убакыттан бери токтоп турган. Тараптар январь айындагы жаңжалдан кийин ишти жандантуу боюнча макулдашышкан.
Чек араны тактоодо 1924-1927 жана 1989-жылдардагы документтер колдонулат.
Өткөн жылдын 1-майынан бери эки өлкөнүн жумушчу тобу чек аранын 81 чакырымдан ашык тилкесин такташкан.
Кыргыз-тажик чек арасынын жалпы узундугу 970 чакырымдай болсо, анын жарымы тактала элек.
@Sputnik_Kyrgyzstan
647 views10:38
2022-02-07 11:16:08
Россияда кыргызстандык жигит жаш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу түркиялык блогер Фатих Копаран жазып чыкты.
Блогердин айтымында, эропортто оюнучукту оозуна салып алган бала дем ала албай калган.
"Баланын апасынын кыйкырыгынан кийин кыргызстандык жигит чуркап барып, геймлих ыкмасы менен анын өмүрүн сактап калды. Болбосо ал чарчап калмак. Бирок кыргыз жигит бат эле кетип калды. Көп өтпөй окуя болгон жерге дарыгерлер келди", ― деп жазган блогер.
@Sputnik_Kyrgyzstan
687 viewsedited 08:16
2022-02-07 09:04:31
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин 6 документке кол коюшту:
Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо
2024-жылга чейин эки өлкөнүн маданият министрликтеринин ортосундагы кызматташуу
классикалык улуттук көркөм чыгармаларды которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу
эки өлкөнүн статистикалык комитеттеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандум
жашыл чөйрөнү өнүктүрүү, инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча меморандум
Бишкектин Дэн Сяопин көчөсүн Алыкулов жана Кустанай көчөлөрүнө чейин жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөктөшүү
@Sputnik_Kyrgyzstan
698 viewsedited 06:04
2022-02-07 08:17:35
ИИМ жарандарды чек ара боюнча жалган маалымат таратпоого чакырат
"Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактар аркылуу кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды таратып, элди дүрбөлөңгө салууда", – деп жазат милиция.
Министрлик чек арага чектеш аймактарда абал туруктуу экенин айтып, чагымчыл маалымат тараткандар жоопкерчиликке тартыларын эскертти.
@Sputnik_Kyrgyzstan
680 views05:17
2022-02-07 07:42:59
Бишкектин эки шайлоо округунда үгүт иштери башталды
Эки депутаттык мандат үчүн 53 адам талапкерлигин койгон:
Биринчи май шайлоо округунан — 28
Свердлов шайлоо округунан 25
Үгүт өнөктүгү 20 күнгө созулат. Кайра шайлоо 27-февралга белгиленген.
@Sputnik_Kyrgyzstan
695 views04:42
2022-02-07 06:13:59
7-февралга карата коронавирус боюнча статистика: 83 учуру катталды (бардыгы 199 519)
380 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 191 089)
3 адам каза болду (бардыгы 2 905)
@Sputnik_Kyrgyzstan
714 viewsedited 03:13