Канал дареги:
Категориялар:
Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер:
3.77K
Каналдан сүрөттөмө
Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod
Ratings & Reviews
Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.
5 stars
0
4 stars
1
3 stars
1
2 stars
0
1 stars
1
Акыркы Кабарлар 12
2022-02-06 12:42:53
Маевка айылында кампа өрттөнүп жататЖергиликтүү тургундардын айтымында, контейнерден курулган үч кабаттуу кампада унаа тетиктери сакталып турган.
Учурда жеринде өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат.
@Sputnik_Kyrgyzstan
1.7K viewsedited 09:42
2022-02-06 10:33:30
Садыр Жапаров мындан ары Ту-154 учагы менен учпайт.
Ту-154 үлгүсүндөгү №1 борттун эксплуатациялык мөөнөтү аяктагандыгы тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Пекинге баруу үчүн жеке учак ижарага алынып, барып келүү чыгымы бюджеттен тышкары булактардан алынганын билдирди.
Жакынкы арада Кыргызстандын жогорку делегациялары учуу үчүн жаңы компакттуу учакты пайдаланып турушат. Бирок мамлекет аны сатып албайт. Анын ордуна символикалык суммада ижара акысын төлөйт. Тагыраагы, бортту тейлөөгө жана күйүүчү майдын акысы берилет.
@Sputnik_Kyrgyzstan
248 viewsedited 07:33
2022-02-06 09:18:13
6-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
110 учуру катталды (бардыгы 199 436)
341 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 190 709)
3 адам каза болду (бардыгы 2 902)
@Sputnik_Kyrgyzstan
351 views06:18
2022-02-05 10:37:12
Саламаттык сактоо министринин кызматтан кетишин талап кылгандар митигге чыкты
Акцияга чогулгандар травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун кызматкерлери жана Сабырбек Жумабековдун тарапташтары.
Алар Жумабековдун кызматынан алынышына каршылыгын билдиришүүдө.
@Sputnik_Kyrgyzstan
1.2K views07:37
2022-02-05 07:11:17
5-февралга карата коронавирус боюнча статистика:
162 учуру катталды (бардыгы 199 326)
385 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 190 368)
3 адам каза болду (бардыгы 2 899)
@Sputnik_Kyrgyzstan
760 views04:11
2022-02-04 16:40:44
Максим Гордеев Пекиндеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышында Кыргызстандын желегин көтөрүп чыкты.
Салтанаттуу ачылыш аземге президент Садыр Жапаров дагы катышууда.
Видео: КТРК Спорт
@Sputnik_Kyrgyzstan
839 viewsedited 13:40
2022-02-04 14:05:41
Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда иштегендер жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы Гулия Кожакматованы имаратка киргизбей коюшту.
Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору жоюлганын, ордуна клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлгөнүн айткан.
видео: Govori TV
@Sputnik_Kyrgyzstan
846 viewsedited 11:05
2022-02-04 12:43:40
Бишкектин Токтогул жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жашаган тургундар митингге чыкты
Алар бул аймакта 80 жылга жакын убакыттан бери жашап келгенине карабай турак-жайларын мыйзамдаштырууга уруксат берилбей жатканын айтышты.
Митингчилердин арасында ушундай эле көйгөй менен келген Төкөлдөш конушунун тургандары да бар.
@Sputnik_Kyrgyzstan
1.9K viewsedited 09:43
2022-02-04 11:13:59
Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун ордуна жаңы түзүлгөн Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасынын жаңы директору болуп Гулия Кожакматова дайындалды.
Аны саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатып тааныштырды.
@Sputnik_Kyrgyzstan
815 viewsedited 08:13
2022-02-04 08:48:25
Чолпон-Атага 4-февралга караган түнү кар жаады. Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 20 сантиметрге жеткен.
Адатта бул аймакка шамалдан улам кар турбайт.
@Sputnik_Kyrgyzstan
821 views05:48