Get Mystery Box with random crypto!

Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар

Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар S
Telegram каналынын логотиби sputnik_kyrgyzstan_kg — Sputnik Кыргызстан — негизги жаңылыктар
Канал дареги: @sputnik_kyrgyzstan_kg
Категориялар: Жаңылыктар
Тил: main.Kirgizian
Өлкө: Кыргызстан
Абоненттер: 3.77K
Каналдан сүрөттөмө

Ыкчам жана актуалдуу жаңылыктар.
https://www.sputnik.kg
Комментарий калтыруу эрежелери: https://clck.ru/SsTod

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 13

2022-02-04 08:14:32
Кыргызстандык Максим Гордеев Пекинге жетип, олимпиадалык шаарчага жайгашты. Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 18:00дө башталат.

Гордеев 16-февралда лыжа тебүүнүн слалом түрү боюнча жарышка чыгат.

Видео: instagram/m.01gordeev
@Sputnik_Kyrgyzstan
1.2K viewsedited  05:14
Ачык / Комментарий
2022-02-04 06:07:56 ​​4-февралга карата коронавирус боюнча статистика:

202 учуру катталды (бардыгы 199 164)

591 бейтап ооруну жеңди (бардыгы 189 983)

3 адам каза болду (бардыгы 2 896)

@Sputnik_Kyrgyzstan
799 views03:07
Ачык / Комментарий
2022-02-03 15:49:12
Садыр Жапаров Кытайга ким менен учуп кетти Коштоп кеткендердин тизмеси: Руслан Казакбаев ―Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ― Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Канайым Бактыгулова ― Кыргызстандын Кытайдагы элчиси…
864 views12:49
Ачык / Комментарий
2022-02-03 14:18:19 ​​Курсан Асанов үй камагына чыкты. Бул тууралуу экс-чиновниктин адвокаты Чынара Жакупбекова Facebook баракчасына жазды.

Кечээ Бишкек шаардык соту октябрь окуяларына карата козголгон иш боюнча Асановдун баш коргоо чарасын үй камагына өзгөрткөн. Бирок ага карата дагы бир иш тергелип жаткандыктан ал камакта калган.

Бүгүн шаардык сот Курсан Асановго карата бийликти басып алуу боюнча козголгон кылым иш боюнча баш коргоо чарасын карамак.

@Sputnik_Kyrgyzstan
1.5K viewsedited  11:18
Ачык / Комментарий
2022-02-03 11:14:09 Садыр Жапаров Кытайга ким менен учуп кетти

Коштоп кеткендердин тизмеси:

Руслан Казакбаев ―Тышкы иштер министри

Жээнбек Кулубаев ― Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы

Канайым Бактыгулова ― Кыргызстандын Кытайдагы элчиси

Данияр Амангелдиев ― Экономика жана коммерция министри

Эркинбек Осоев ― Транспорт жана коммуникациялар министри

@Sputnik_Kyrgyzstan
861 viewsedited  08:14
Ачык / Комментарий
2022-02-03 10:53:11 ​​Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Маалыматты бийликтеги ишенимдүү булактар ​​тастыктады. Буга чейин саясатчы кийинки президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген. @Sputnik_Kyrgyzstan
859 viewsedited  07:53
Ачык / Комментарий
2022-02-03 10:00:06 ​​Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болот. Маалыматты бийликтеги ишенимдүү булактар ​​тастыктады.

Буга чейин саясатчы кийинки президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.

@Sputnik_Kyrgyzstan
854 views07:00
Ачык / Комментарий
2022-01-29 17:16:37
Эверестти багындырган кыргызстандык Эдуард Кубатов Лукашенконун колунан сыйлык алды

Кубатов өткөн жылдын 23-майында дүйнөнүн эң бийик чокусун багындырган. Экспедиция учурунда Беларустук альпинист Вадим Фролов коронавируска кабылгандыктан ал өз өлкөсүнүн желегин жана Жеңиш туусун Кубатовго менен россиялык Георгий Шулеповго тапшырган.

Алар чокуга чыгышып Беларустун Альпинисттер федерациясынын миссиясын аткарышкан.

@Sputnik_Kyrgyzstan
284 viewsedited  14:16
Ачык / Комментарий
2022-01-29 12:33:04
Стратегиялык маанидеги Төрт-Көчө тилкесиндеги абал

Эки тараптын милиция кызматкерлери күзөттө.

Бул жерде чек ара такталган эмес. Жаңжал чыккан учурда Тажикстан жарандары Ош — Исфана жолун тосуп алышат. Ошондуктан Баткен районунун бир нече айылдары жана Лейлек району Кыргызстандан бөлүнүп калат.

@Sputnik_Kyrgyzstan
559 viewsedited  09:33
Ачык / Комментарий
2022-01-29 11:30:35
Баткен районундагы Көк-Таш айылы аткылоодон кийин

Алдын ала маалымат боюнча 10 үй жабыркап, 2 сарай жана бир автоунаа өрттөнүп, бир нече машина талкаланган.

Снаряд талкалап кеткен сарайларда малдардын күйүп калган тушун көрүүгө болот.

@Sputnik_Kyrgyzstan
608 viewsedited  08:30
Ачык / Комментарий