Get Mystery Box with random crypto!

Бред Д. ХОПКИНС   СҮЙҮҮНҮН ТҮГӨЙҮ Бир жолу Топон суу болот. Н | КЫСКА-НУСКА

Бред Д. ХОПКИНС
 
СҮЙҮҮНҮН ТҮГӨЙҮ

Бир жолу Топон суу болот. Ной: “Түгөйлөрдү гана алам. Жалгыздар - жакындабасын!!!”, - дейт.

Сүйүү Намыска, Байлыкка, Атакка, Бакытка барат, бирок алардын түгөйлөрү бар чыгат.

Ошондо Ажырашуу келип: “Мен сени сүйөм” дейт.

Экөө кемеге отурушат.

Бирок Ажырашуу чынында Сүйүүгө ашык болуп, жерге жеткенде да ажырашкысы келбей коёт.

Ошондон бери Сүйүү каякка барбасын аркасынан Ажырашуу ээрчип жүрөт экен…

Которгон Марат ТОКОЕВ

#карасөз

#55сөз

#котормо