Get Mystery Box with random crypto!

Бакай АЛМАЗ УУРУЛУК Ар күнкүдөй эле бүгүн да троллейбуска тү | КЫСКА-НУСКА

Бакай АЛМАЗ

УУРУЛУК

Ар күнкүдөй эле бүгүн да троллейбуска түштүм. Элдин көптүгүн айтып бүтө албайм, баары эле тагдыр-жазмышын ушул жалгыз троллейбуска байлап, саласал кылып алгансып, агылып кирип, төгүлүп түшүшөт. Ал аялдамадан бул аялдамага, бул аялдамадан кийинкисине... Улам кичүүсү улуусуна орун бошотуп, бошотпогону терезесине башын жөлөп коюп, арамданып, туруп кетсе жер көтөрө албай калчудай болуп, уктамыш этип үн-сөзсүз отуруп берет. Үптөн улам үшкүрүнүп коюп, качан жетер экенмин деген гана ойду мээңе тагып алып, ары карасаң бирөөгө көзүң чагыла кетип, бери карасаң бирөөнүн аялуу жерине назарың түшө калып, кээде тыгылып бараткандагы эки жаштын обу жок кылыгынан коомдук транспортко өзүң эле эмес, өзүңөн өтүп көзүң деле батпай кетет. Кылымдын кыйырын көргөнсүп, азабын ар бир жүргүнчүгө армандап айтып жаткансып, бечара унаа күрүлдөйт, чачырап кете тургансып тырылдайт, бирок кулагы көнүп кеткен элдин бири да бу байкуштун ызалуу арманына кулак төшөп койчудай эмес. Коомдук унаалардагы күнүмдүк тагдыр ушундай.

Улуу кишиге орун бошотуп берип, орто ченде каздын моюнундай чайпалып, кармоочту өзүм менен ала кетчүдөй, үзө түшчүдөн бетер, өч ала тургансып кармап, жыштыктан айла таппай баратам. Чөнтөгүмдөгү телефонумду, жонбаштыгымды улам-улам карап, кармалап, көз салып турам. Ойго сүңгүп кеткем. Бир убакта бирөө катуу түртүп өттү. Атайын кылган немедей ушунчалык берилип түрттү дейсиң, мен атайласам да окшошмок эмес-оов! Оюма апамдын “Чөнтөкчүлөрдөн сак бол, түртүмүш этип эле алчусун алып кетип калат, сезбей каласың” деп нечен жолу кайталай берген сөзү кылт дей түштү. Төмөнкү чөнтөгүмдү, жонбаштыгымды карап-кармалап, сыйпалап эле таппай калдым... Жок! Шарт эле кылчая калсам баягы чачы жибектен бетер сеңселип, белинен ылдый узаган кыз унаадан түшүп, тротуарга аяк басып, бирөө азыр гана кууп калчудай шашып кетип барат. “Жок! Жоголду!” дедим ичимден. “Кармагыла!” деп айта калчудай энтигип барып токтодум. Кыз болгондугу үчүн аядым, ошончо элдин алдында жүзү кара кылгым келбеди. Бирок, жок! Баалуу немемди качан, каерден көрө калды экен? Илип кетиптир, түртүп баратканда... Кашайып ойго батып кеткенимди айтсаңчы, кыздыгын аяган имишмин... Кайра өзүмө ачууланып баштадым. Унаа жүрүп барат. Жанагы "ууру" кыздан узай берип, ал бизден узай берип, карааны көрүнбөй кала берди. Оюм он. Эми эмне кылдым? Өзүмдүн боштугума, чечкинсиздигиме, шалаакылыгыма айла таппай маң болдум... Жоголду. Жок!..

Акыры жетер жериме жеттим. Бирок, эмне кереги бар? Көңүлүмө уурдаткан баалуу буюмум гана туруп алды. Шаабайым сууду, айлам алты кетти, эми аны издеп кайдан таптым... Ошондо эле айгай салып, же жок дегенде жүзүн түзүгүрөөк тиктеп албай... Аттиң. Эмне кылдым? Кайда бардым? Кимге арызданып, кимге издетип, кимге таптырам? “Жок эми! Жоготтуң! Көрбөйсүң!” деген сөздөр гана мээмди чарк айланып туруп алды. Мындай уурулукка өмүрүмдө кабылып көргөн эмесмин...

Ал жүрөгүмдү уурдады!..

#карасөз