Get Mystery Box with random crypto!

Эрнис АСЕК УУЛУ КӨЗАЙНЕК Студент кезде лекциялардан «Не смот | КЫСКА-НУСКА

Эрнис АСЕК УУЛУ

КӨЗАЙНЕК

Студент кезде лекциялардан «Не смотри на мир через розовые очки» деп орусча кат жазышар элек. Дүйнөнү сугалак көздөр менен караган ошол кез кайда десең? «Кара сайда!» деген киши жок. Көзүм сегизинчи класстан эле бузула баштады. Китеп менен телевизордун сазайын бердим го! Азыр деле ошол. «Ээ, кудай садагаң кетейин, көздүн да курчу кетти, ушул көзүмдү албасаң экен» деп калаар эле чоң апам. Кудай апамдын жалынычын укпады. Көр болуп калды. Көзү көрбөсө да, көөдөнү менен көрөр эле. А биз көзүбүз көрсө да, көөдөнүбүз сокур. Он жылдан бери көзайнексиз жашоо жок. Жылдан жылга күчөп да барат. Канча көзайнек сындырдым? Миллион! Көзайнекке кеткен акчалар азыр бар болсо, миллионер болмокмун, эй! ... Көк асманды, жылдыздуу түндү көзайнек менен карагандан кача баштадым. Эшектей эле жер карайм, жер карайм… «Көөдөнүң көр болсо, бара-бара көзүң да көр боло баштайт турбайбы» деп чоң апам кобуранып калчу эле. «Слепой ведет слепого» деген сөздөр «көө-дөндөн» ушундай бир буулугуп чыгат дейсиң… Тык токтойсуң! Анткени Акыйкаттын Кайнар Көзү турат. А сен туткундасың. Жер — түрмө, сен — түрмө, ал — түрмө, мен — түрмө… Түтүнүң чыгат. Түндөй караңгыда турасың. Көзгө сайса көрүнгүз. Көзайнегиңди аачымыш болосуң. Көөдөнүңдү аачыйын деген оюңа да келбейт…

2005

#карасөз