2022-12-03 16:56:09
Урматтуу, Чөйрөчүлөр!
Назарыңыздарга
«Чөйрөдө жаралган долбоор» рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикада сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен тааныштырып турабыз.
Бүгүн
Kelechek.Digital веб-студиясы жөнүндө айтып беребиз.
Kelechek.Digital — веб-сайт жаратууда кызмат сунуш кылган биринчи кыргыз тилдүү веб-студия.
Кардардын талабына, муктаждыгына, максатына ылайык толук кандуу веб-сайттарды иштеп чыгарат.
Kelechek.Digital дын адистери тарабынан UI&UX Design, Web-Design, Graphic-Design кызматтары аткарылып, brand-book, логотип жана веб-сайтка прототип, ошондой эле веб-сайттын адаптивдүү дизайны жасалат. Сайт жасоодо керектүү программалоо тилдери жана куралдары колдонулуп, толук функцияналдуу веб-сайт кардарга өткөрүлүп берилет.
Команданын жасаган жумуштары менен сайтына баш багып, таанышып кетсеңиздер болот:
kd.choyro.com
Айтмакчы, Kelechek.Digital веб-студиясынын програмчы жана дизайнерлери — учурунда Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов, Тимур Моун жана башка IT-адистеринин демилгеси менен башталган Жылдыз Академиянын «Келечек» долбоорунда билим алган бүтүрүүчүлөрү.
Kelechek.Digital командасына таза код жана жаңы ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!- - -
Видео, сценарий, монтаж: Шайыргүл Манапова
Видеодогулар: Kelechek.Digital командасы
SMM: Шайыргүл Манапова
Текст: Гүлназ Шаршеналиева
831 views13:56