Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу, Чөйрөчүлөр! Назарыңыздарга «Чөйрөдө жаралган долб | Aidana Tech Talk

Урматтуу, Чөйрөчүлөр!

Назарыңыздарга «Чөйрөдө жаралган долбоор» рубрикабызды тартуулайбыз. Бул рубрикада сиздерди «Чөйрөдөгү» долбоорлор менен тааныштырып турабыз.

Бүгүн Kelechek.Digital веб-студиясы жөнүндө айтып беребиз.

Kelechek.Digital — веб-сайт жаратууда кызмат сунуш кылган биринчи кыргыз тилдүү веб-студия.
Кардардын талабына, муктаждыгына, максатына ылайык толук кандуу веб-сайттарды иштеп чыгарат.

Kelechek.Digital дын адистери тарабынан UI&UX Design, Web-Design, Graphic-Design кызматтары аткарылып, brand-book, логотип жана веб-сайтка прототип, ошондой эле веб-сайттын адаптивдүү дизайны жасалат. Сайт жасоодо керектүү программалоо тилдери жана куралдары колдонулуп, толук функцияналдуу веб-сайт кардарга өткөрүлүп берилет.

Команданын жасаган жумуштары менен сайтына баш багып, таанышып кетсеңиздер болот:

kd.choyro.com


Айтмакчы, Kelechek.Digital веб-студиясынын програмчы жана дизайнерлери — учурунда Айдана Өмүрбаева, Бакыт Абдишов, Тимур Моун жана башка IT-адистеринин демилгеси менен башталган Жылдыз Академиянын «Келечек» долбоорунда билим алган бүтүрүүчүлөрү.

Kelechek.Digital командасына таза код жана жаңы ийгиликтерди каалап кетмекчибиз!

- - -
Видео, сценарий, монтаж: Шайыргүл Манапова
Видеодогулар: Kelechek.Digital командасы
SMM: Шайыргүл Манапова
Текст: Гүлназ Шаршеналиева