Get Mystery Box with random crypto!

Aidana Tech Talk

Telegram каналынын логотиби kyrgyzitwebinarbykg_usa — Aidana Tech Talk A
Telegram каналынын логотиби kyrgyzitwebinarbykg_usa — Aidana Tech Talk
Канал дареги: @kyrgyzitwebinarbykg_usa
Категориялар: Блогдор
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 11.55K
Каналдан сүрөттөмө

Салам достор!
Менин атым Айдана Омурбаева. Акыркы 10 жылдан бери үй-бүлөбүз менен Чикаго шаарында жашайбыз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Жолдошум экөөбүз тең IT тармагында эмгектенебиз. Биз менен IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз. IT жумушу жашыңызга, жынысыңы

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 2

2023-03-07 19:39:58
https://www.youtube.com/live/PxOm8EPye0c?feature=share

Чырак долбооруна 1-жыл. Түз эфирге кошулуңуз.

Келе жаткан 8-март майрамыңыздар менен куттуктайбыз Билимди хайп кылалы
466 views16:39
Ачык / Комментарий
2023-03-06 10:51:23
5-март күнү Салымбеков Университетинде “Чөйрө Жаратман Борборунда” “Чырактын” бүтүрүүчүлөрү чогулуп, долбоордун 1 жылдыгын өткөрүштү. Майрамдык иш-чарага долбоордун бүтүрүүчүлөрү, модератор жана менторлор катышышты. 1 жылдын ичиндеги жетишкендиктер, алдыга коюлган максаттар айтылып, модератор жана мугалимдерге ыраазычылык билдирип, белектер ойнотулуп, жолугушуу концерт менен коштолду.
696 views07:51
Ачык / Комментарий
2023-03-03 19:27:48
Арыбаңыздар, урматтуу Чөйрөчүлөр!

Жакшы жаңылыктарыбыз бар

IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023’тө добуш берүүлөрдүн натыйжасында төрт талапкерибиздин бардыгы 1-турдан өтүштү.

“IT тармагындагы жылдын мугалими” - Мирлан Уржанов
“IT тармагындагы жылдын айымы” - Сайкал Дилдемурат
“IT тармагындагы жылдын эң мыкты салымы” - Jyldyz Academy
“IT тармагындагы жылдын экспансиясы” - Чөйрө

Кийинки турда дагы ийгилик каалайбыз

Добуш берип, колдоо көрсөткөнүңүздөр үчүн баарыңыздарга терең ыраазычылык билдиребиз.
751 views16:27
Ачык / Комментарий
2023-03-03 16:45:25
2-серия


392 views13:45
Ачык / Комментарий
2023-03-01 22:33:33
Чырашкалар тартуулайт:

Салам Чырактын сулуу айымдары!

IT дүйнөсүнө бизди багыттаган”Чырак” долбооруна саналуу күндөрдөн кийин “1 жыл”

Тактап айтканда, Дискордтун эшигин каккылап, терезесин черткилеп, агай-эжей, модераторлордун бир далай нерв клеткаларын чымыратып асмандан түшкөн “Айдандай” болуп, былтыр ушул күндөрү Чыракка катталдык эле

Уйкусуз таңдарды атырып, ноушнды катырып, чырылдаган балдарга карабай өмүрүбүздөгү эң кызыктуу, айтып бүткүс жомоктой үч айлык курсту окудук

Дүйнө таанымыбыз кеңейди, көзүбүз ачылды, багытыбызды алдык, чыгармачыл изденүүдөбүз

Ушул сонун күндөрү эстеп, максаттарыбызды аныктап, чер жазышып, Чырактын алгачкы туулган күнүн чогуу белгилөө үчүн баарыбыз чогулалы .

Чырактын ажарлуу айымдары, сиздерди 5-мартта, саат 14:00 дө Салымбеков университетинде күтөбүз

Билинбей өткөн бир жылдын таржымалы, сиздер менен кызыктуу

Күтөбүз
1.1K views19:33
Ачык / Комментарий
2023-02-28 23:46:07
Өткөн жылы ушул маалда «Чырак» долбооруна кызуу даярдык жүрүп, 8-март күнү расмий түрдө долбоор башталган. Арадан көз-ачып жумгуча бир жыл өтүп калыптыр.

Долбоордун катышуучулары «Чөйрөдөгү» Телеграм чатта @chyrakchat топтолуп, бир жыл ичинде «Чырактан» кийин жашоосунда, кесибинде кандай өзгөрүүлөр, жетишкендиктер болду, алдыга коюлган максаттарды талкуулап, Бишкекте жолугушуу өткөрүү пландалып жатат.

Эгер али кошула элек болсоңуз, «Чырак» долбоорунда окуп, билим алган бардык бүтүрүүчүлөрүн ушул чатта күтөбүз:
https://t.me/chyrakchat
1.1K views20:46
Ачык / Комментарий
2023-02-27 17:53:27

700 views14:53
Ачык / Комментарий
2023-02-25 11:35:50 Скоро начинаем, еще есть места, приходите скорей )
660 views08:35
Ачык / Комментарий
2023-02-24 17:48:32
Присоединяйтесь к нам на открытие Школы Креативных Профессий в эту субботу!

Дата: 25-го Февраля, 2023
Время: 14:00
Место: Школа Креативных Профессий Jarat.co, Ахунбаева 125/2

На мероприятии вас ждут вдохновляющие докладчики, возможности для общения с профессионалами из различных творческих отраслей и знакомство с нашими передовыми проектами.

Не упустите шанс пообщаться с единомышленниками, поучиться у экспертов и открыть для себя захватывающие возможности карьеры в творческих профессиях.

Ссылка для регистрации находится в нашем профиле.

Приходите с друзьями и коллегами - нам не терпится отпраздновать вместе с вами!
Регистрация : https://docs.google.com/forms/d/e/1FAIpQLSc4o_gmpTY-Jd8keMf0TbBqyInYR0lKYSuJDkHT1ekCfAz07A/viewform?usp=sf_link

#creativeschool #нетворкинг #вдохновение #карьерныевозможности #openevent #школакреативныхпрофессий #открытиешколы #суббота #25февраля #бишкек #кыргызстан
643 views14:48
Ачык / Комментарий
2023-02-20 19:16:46 Салам, достор!

Биздин «Чөйрө» IT Business Forum & Central Asian Tech Awards 2023’тө «Экспансия года» номинациясында талапкер.

Бул номинацияда талапкер болгон себебибиз — «Чөйрөнүн» алкагында долбоорлор аркылуу IT тармагынын маанилүүлүгүн Мекенибиздин булуң-бурчуна жеткирип, кыргыз тилинде маалымат көбөйтүүгө чоң салым коштук деп ойлойбуз. Кыргыз Республикасынын 7 областында жергиликтүү айылдардын тургундары менен бирге иштер жүргүзүлүп, муну менен гана чектелбестен Европа мамлекеттеринде (Германия, Бельгия, Италия, Чехия, Польша), Азия өлкөлөрүндө (Түштүк Корея, Япония, Кытай, Түркия), алыскы Америкада (АКШ, Канада) жашаган кыргыздар
менен биргеликте долбоорлордун үстүндө иш алып бардык.

«Чөйрөдө» жалпы кыргыз коомчулугуна арналган коммерциялык жана социалдык IT долбоорлор: психология, көз карандысыз медиа, кыргызча подкаст, алгачкы кыргыз тилдүү веб-студия, дизайн, билим берүү, демилге көтөрүү жана кызматташуу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул иш-чаралар замандын талаптарына жооп берген керектүү, пайдалуу, Кыргызстандын өнүгүүсүнө салымын кошкон потенциалы чоң демилгелер деп ишенебиз.

Бул иш-чараларды бекемдөө, жайылтуу жана өнүктүрүү максатында 2022-жылы Швейцарияда «Чөйрө 2022» форумун уюштурдук. Форумга Кыргызстандын саясий, экономикалык, экологиялык, маданий, илимий жана көркөм өнөр айдыңында көрүнүктүү орунду ээлеген активисттер, чет өлкөлөрдөгү кыргыз диаспораларынын лидерлери жана бейөкмөт уюмдардын жетекчилери катышты. «Чөйрө 2022» өз натыйжаларын берип, форумда жаралган идеялар иш жүзүнө ашып жаткан учуру.

«Чөйрөдө» ар тармактагы адистер, эксперттер, жаратман, тилектеш-санаалаш инсандар менен мындан ары дагы биргеликте көздөгөн максаттарыбызды ишке ашырабыз деген үмүттөбүз. Жасаган ар бир ишибиздин аркасында Мекенге болгон сүйүү, жоопкерчилик, биримдик, заманбап билим, жаңы бийиктиктерге умтулуу, талыкпас эмгек, креативдүүлүк жатат.

Урматтуу биздин окурман жана Чөйрөчүлөр, сиздерди «Чөйрөнү» бул номинацияда колдоп, активдүү добуш берүүгө чакырабыз :
https://kssda.kg/awards2023/vote-expansion

Берилген ар бир добуш үчүн терең ыраазычылык билдиребиз
1.1K views16:16
Ачык / Комментарий