Get Mystery Box with random crypto!

Aidana Tech Talk

Telegram каналынын логотиби kyrgyzitwebinarbykg_usa — Aidana Tech Talk A
Telegram каналынын логотиби kyrgyzitwebinarbykg_usa — Aidana Tech Talk
Канал дареги: @kyrgyzitwebinarbykg_usa
Категориялар: Блогдор
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 11.55K
Каналдан сүрөттөмө

Салам достор!
Менин атым Айдана Омурбаева. Акыркы 10 жылдан бери үй-бүлөбүз менен Чикаго шаарында жашайбыз. Бир кыз, бир уулубуз бар. Жолдошум экөөбүз тең IT тармагында эмгектенебиз. Биз менен IT дүйнөсүнө тезирээк кошулуңуз. IT жумушу жашыңызга, жынысыңы

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

1

4 stars

0

3 stars

0

2 stars

1

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 5

2022-11-24 12:41:21 Саламатсыздарбы, урматтуу Бишкек шаарынын тургундары жана Кыргызстандын жаратмандары!

Сиздерди 27-ноябрда Германиядан иш сапары менен келген «Чөйрө» коомчулугунун негиздөөчүсү, тажрыйбалуу IT-адис жана социалдык ишкер - Азамат Токтакунов менен Салымбеков Университетинде өтө турчу оффлайн жолугушууга чакырабыз.

Иш чара эки бөлүктөн турмакчы:
1-бөлүк:

«Чөйрөнүн» ичиндеги долбоорлор менен жабык жолугушуулар өтөт.
2-бөлүк:
«Келечек», «Чырак» долбоорлорунун студенттери менен, андан соң «DevKurultay» IT-коомдоштук менен жолугушуу болот.

17:00 «Чөйрөнүн» негизги жалпы жолугушуусу башталат.

Долбоорлор менен жабык жолугушуулар:

09:00
Kelchek.Digital, Kutucha,
Чөйрө Event & Чөйрө Media
Кыргызча психология

11:00
ChyrakSMM
ТилБил
IT айылдан башталат
ITге Бирге
Демилге

13:00 Түшкү тыныгуу

Ачык жолугушуулар:

14:00 «Келечек» студенттери менен жолугушуу. «ITге кирүү» (Hard Skills) тууралуу маек

15:00 «Чырак» студенттери менен жолугушуу. «Тайм менеджмент» (Soft Skills) тууралуу маек.

16:00 «DevKurultay» - кыргыз тилдүү IT-коомдоштук менен жолугушуу. Релокация, кантип Германияга кетсе болот, Германиядагы жашоо тууралуу маек.

17:00 «Чөйрө» - жалпы жолугушуу. Долбоор жасоо, «Чөйрөдөгү» долбоорлор тууралуу маек.

Кириш сөз: Салымбеков Университетинин Президенти
Жумадилов Амангелди Жумадилович

Дареги: Бишкек, Ахунбаева көч., 125/2, Салымбеков Университети (Малдыбаева көч. менен кесилишет)

Жолугушууга катталуу: https://forms.gle/EZ2Y7kucDSn5fGE97
1.2K views09:41
Ачык / Комментарий
2022-11-24 12:41:20
1.2K views09:41
Ачык / Комментарий
2022-11-19 11:58:28
Урматтуу достор!
Кайрадан бизде кызыктуу адамдар менен жолугушуу уланмакчы.

Тема: Биздин өлкөдө акыркы жылдардагы IT тармагынын өнүгүшү

Конок: Турат Алыбаев
Өтүүчү жай: Инста Live https://instagram.com/choyrocom/
Убактысы: 20.11.22 / 21:00

Биздин бул жолку коногубуз Weproject Media баракчасынын версиясы боюнча эң популярдуу кыргыз тилдүү IT блоггер, Flutter Developer, агартуучу жана Ackmatoff ITC компаниясынын негиздөөчүсү Турат Алыбаев болмокчу.

Жолугушууда:
Flutter тилинин азыркы таптагы популярдуулугу.
Кыргыз тилинде IT'нин өнүгүшү.
Кыргызстанда туруп, чет өлкөгө иштөөгө мүмкүнчүлүгү жана дагы сиздер даярдаган кызыктуу суроолорго жооп бермекчи.

Баса... биздин коноктордун маеги кызык болуп жатабы?
Чөйрө сиз каалаган конокту чакырып, жолугушуу уюштурганга ар дайым даяр.
Кайсы тармак боюнча кызыктуу конокторду көрүңүз келет, же кимди чакырууну каалайт элеңиз?

Комментарийге, сизге кызык болгон конокту сунуштап кетиңиз.
906 views08:58
Ачык / Комментарий
2022-11-18 14:03:19
ChyrakSMM Agency (https://www.instagram.com/chyraksmm) – «Чырак» долбоорун бүтүргөн айымдар тарабынан негизделген SMM-агенттиги.

Агенттиктин курамында «Чөйрөнүн» ичинде 2022-жылы «Демилге IT-марафонуна» катышкан дизайнерлер, менеджерлер, копирайтер, сторизмейкер, таргетолог, мобилограф, таргетологдор бар.

Агенттиктин негизги кызматтары:

Бизнестин алдыга жылдыруу стратегиясын иштеп чыгуу
Профилге анализ жасап, максаттуу аудиоторияны аныктоо
Контент жана визуалдын базасын түзүп чыгуу
Базар аянтчасындагы конкуренттерге анализ жасоо
Жеке имиджди аныктап, бренддин түптөлүшүнө түрткү берүү
УТП варианттарын түзүп чыгуу

Команда өздөрүн идеяга бай, уюшумдуу, ыкчам, креативдүү деп мүнөздөшөт.

ChyrakSMM Agency тарабынан жасалып жаткан акыркы жумуштарын мисал кылсак болот:

https://www.instagram.com/azizwoodworks/

https://instagram.com/oceanclub_spa

Кардарлардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү рак илдетине чалдыккан «Чырак» долбоорунун катышуучусу Нургүл Калиеванын даарылануусуна жумшалат.
873 views11:03
Ачык / Комментарий
2022-11-16 15:25:58 Кутман кеч, Чөйрөчүлөр!
«Чөйрөдө» жакшы жаңылыгыбыз бар.
Кыргызстанда, Барскоондо «Чөйрө Жаратман Борбору» ачылып жатат.

Борбордо:
Компьютердик сабаттуулук, веб-сайттарды түзүү жана  IT тармагы боюнча онлайн, оффлайн окутуу болот.
Веб-студия ачылат
Атайын менторлор окутушат
HTML, CSS, JS курстары 3 айдан 9 айга чейин окутулат, төлөмдөр келишимдин негизинде.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 10 акысыз орун берилет.
Эң жакшы окуп бүткөн студенттерге сертификат берилип, стажировкага конкурстун негизинде кабыл алынат.

Сиздер үчүн:
Ноутбукттар
Кубаттуу интернет
Ыңгайлуу кеңсе
Каалоочулар жазылсаңыздар болот.12 жаштан баштап кабыл алынат.

21-ноябрда алгачкы санарип сабагы өткөрүлөт.

Барскоондогу «Чөйрө Жаратман Борборунун» координатору Нуржамал Эралиева айым борбордун ачылганына Азамат Токтакунов агайга ыраазычылык билдирип, «Борбор биздин айылда ачылганы - асмандан издегенибиз жерден табылды десек болот. Келечекте биздин борбордо жаратмандар-стартапттар жаралат деген чон ишеничим бар. Биздин борборго кош келиңиздер!»-деп белгилей кетти.

Дареги: Барскоон айылы, Ленин көчөсү, 131

Суроолор боюнча:
0552871785 (Ватсап, Телеграм)
0706871785
rost.barskoon@gmail.com

- - -
Сүрөттөр: Нуржамал Эралиева
Видео: Гулира Калыкова
Дизайн: Азамат Токтакунов
Текст: Гүлназ Шаршеналиева
SMM: Шайыргүл Манапова
1.6K views12:25
Ачык / Комментарий
2022-11-14 13:11:40
Арыбаңыздар, достор!

Жолугушуу рубрикабыздагы кызыктуу маектер уланып, ар кыл кесиптин ээлерин конокко чакырып, сиздер менен тааныштырып турмакчыбыз.

Кезектеги мейманыбыз Азиз Төрөкулов (https://www.instagram.com/azizwoodworks/) болмокчу. Азиз мырза - жаратман, жыгач устасы, «Тез там» курулуш фирмасынын негиздөөчүсү. Учурда заманбап бешик үй, жыгачтан этно стилдеги эмеректерди жасап, сип панелден боз үй, жер үйлөрдү куруу менен эмгектенет.

Өзүн төмөндөгүдөй сүрөттөйт:
«Мен көп ойлонуп, көп кыялданган адамдардын катарын толуктайм. Жаңыча ойлонуп, жаңылык киргизгенди жактырам.

“Жан кыйнабай мээни иштетип, акыл менен акча тап, ийгилик жарат!” деген принципти карманам.

Максатым - Кыргызстанда экотуризмди өнүктүрүүгө салым кошуу.»

Чөйрөчүлөрдө азыртадан эле көптөгөн суроолор пайда болду окшойт

Анда эмесе, 15-ноябрда, кечки саат 21:00 дө бул кызыктуу жолугушууда сиздерди чыдамсыздык менен күтөбүз.

Айтмакчы, жолугушуу Инстаграмда Live түз эфирде өтөт.

Алып баруучу: Каухар Тайиева
980 views10:11
Ачык / Комментарий
2022-11-11 12:48:22
Салам, достор!

11-ноябрда сиздерди кызыктуу жолугушууга чакырабыз.

Жолугушуу рубрикабыздын бул жолку коногу сизге сабактары менен таанымал болуп калган графикалык дизайнер, логотип адиси, «Золотая блоха» дипломдорунун ээси — Шумкар Мойдинов болмокчу.

Бул жолугушууда логотип дизайны деген эмне, эмнеге керек, учурда канчалык актуалдуу, бул багыттын келечеги тууралуу кеп салабыз.

Логотип дизайны боюнча башка жактан жооп таба албаган суроолоруңузга ушул жолугушуудан жооп аласыз

Анда эмесе, 11-ноябрда, саат 21:00 дө (Бишкек убактысы мн) Zoom’да көрүшкөнчө

Zoom шилтеме:
https://us06web.zoom.us/j/83605911828?pwd=aFhLNFpBWkk2TnIyVEJwekVCVUdHUT09
1.3K views09:48
Ачык / Комментарий
2022-11-06 11:12:55 https://us02web.zoom.us/j/82150978329?pwd=VitTc1hVSjJSVXovWGJlRG9VQm5TZz09

Пароль - 123
1.1K views08:12
Ачык / Комментарий
2022-09-25 12:13:52
Видео которое вы просили
1.1K viewsedited  09:13
Ачык / Комментарий
2022-09-24 03:33:38

1.5K views00:33
Ачык / Комментарий