Get Mystery Box with random crypto!

'Ала-Тоо' клуб катары таркап кетет, - деген сөздөр чындыкка жа | Көкбөрү каналы

"Ала-Тоо" клуб катары таркап кетет, - деген сөздөр чындыкка жакын болуп калды окшойт. Бул клуб жакшы түзүлгөнү менен бир дагы кубокту жеңе албай таркап жатканы өкүндүрөт. Бирок бул клубда Кыргызстандын курама командасына кирчү бир нече бала жана аттар бар. Ошондуктан Көкбөрү федерациясы чукул арада "Ала-Тоонун" жетекчилиги менен бир стөлгө отуруп, түз кеңешүү өткөрүшү керек. Эгерде чындап эле клуб 31-август чыга албасы тастыкталса, Федерация демилгени колго алып бир турнирге сырттан башкаруу киргизгени оң болмок. Эң жакшысы "Ала-Тоонун" жетекчилиги өздөрү демилгени колго алып, балдардын жолун буубай, сезонду ийгиликтүү жыйынтыктаса жакшы болбой беле.