Get Mystery Box with random crypto!

* * * Октябрдын янтарь сиңген тынчтыгы, жылжып агып келди кай | Кыргыз Поэзиясы

* * *

Октябрдын янтарь сиңген тынчтыгы,
жылжып агып келди кайра жашоомо.
Таңдай тунук сезимдерге тумчугуп, 
унут калган кыялдарды камчылап,
кеткиң келет тараптарга баш оогон.
 
Күндүн нуру ушунчалык жагымдуу
тиет, кудум жүрөгүңдү жылыткан
жакшы сөздөй, жана ушул агымдын
кучагында, алды жакта келаткан
кычыраган кышты келет унуткуң.
 
Ысык кайтып, а бирок суук келелек.
Мээлүүн аба жан сергитет. Туптунук
таңдар жана кечтер турат желелеп
бульвардагы дарактарды. Кулпунуп
калаа дагы болуп барат керемет.
 
Дизайнердей таланттуу да талапты
койгон сары түстүн палитрасына,
Октябрь, асемдеди калааны,
шаардыктардын татып мыкты баасына,
жүрөктөрдө козгоп сагынч, санааны.
 
Бул күндөр да бүтпөс болуп сезилген
чексиздиктин кучагына узайбы?
Күздүн мөлтүр салкынына эзилген,
токто, токто кайталангыс көз ирмем!
Кандай арман бир багыттуу мыйзамың.

Абдысамат САРАЛА