Get Mystery Box with random crypto!

ЖҮРӨК-ТАШ Жол баратып жүрөк-таш таап алдым, Кызыл экен канга | Кыргыз Поэзиясы

ЖҮРӨК-ТАШ

Жол баратып жүрөк-таш таап алдым,
Кызыл экен канга окшоп өңү дагы.
Тарам-тарам кылдай бир жолдор кеткен,
Кудум эле жүрөктүн тамырлары…
 
Таш деген таш, тулкусу муздак экен.
Жылдар балким жылуусун уурдап кеткен –
Качандыр бир магмадай кайнап турган,
Кагылышта ыргыган жүрөк бекен…
 
Катты да анан кан жүрбөй калган жүрөк,
Таштарды да бир кезде каптаган өрт…
Тоолор дагы от болуп кайнап турган.
Көрүп турган Болмушту бир гана Көк.
 
Жүрөк-таш да – мен жолдон таап алган,
Качандыр бир от болуп кайнап турган…
Жылуусу өчүп, секинден табы кайтып,
Жүрөк чыгар чын эле – ташка айланган…

Фатима АБДАЛОВА