Get Mystery Box with random crypto!

* * * Мен эми кайда кетип, кайда барам? Багытым калды сынып, | Кыргыз Поэзиясы

* * *

Мен эми кайда кетип, кайда барам?
Багытым калды сынып, карып сапар.
Дарчыдай басып өткөм араң-араң
Сүйүүнүн ок жолундай жолун татаал.
 
Түн каткан жолоочудай кетти жаштык,
Алыстап таштуу жолдо ат дабышы.
Биз бастык, эл баспаган жолду бастык
Суктантып кабар алган кары-жашты.
 
Буюрулбас жөрөлгөгө айып, күнөө
Жөн гана өмүр жолу ал бир эски.
Сага эми кезиксе экен мендей бирөө,
Болбосо менден жакшы, менден эстүү.
 
Таалими айкөл, таза өзүңө окшоп
Муңдурбас тамашакөй болгой эле…
…Баары бир бассаң-турсаң мени жоктоп,
Баары бир ойлойсуң го болбой эле…

Омор СУЛТАНОВ