Get Mystery Box with random crypto!

КАСАП ДҮЙНӨ Ада кылып амалыңды, айлаңды, Алат өлүм кедейлерди | Кыргыз Поэзиясы

КАСАП ДҮЙНӨ

Ада кылып амалыңды, айлаңды,
Алат өлүм кедейлерди, байларды, 
Азыр бирок асый чыкпай калат деп
Аяп турам касаптагы тайларды. 

Үч-төрт жигит жең түрүлүп карууда, 
Үмүт отун өчүргөнү барууда. 
Бир өлүмдүн урматына тирүүлөр 
Бир өмүрдү курмандыкка чалууда. 

Бул жазмыштан мүмкүн эмес калкалаш 
Бул мыйзамды оңой болбойт талкалаш, 
Тамчы өмүрүң таш бетине тийгенче
Тагдыр талаш, намыс талаш, жан талаш... 

Тирүүлүктө - тизгин талаш, төр талаш, 
Типтик өйдө багытталган өр талаш. 
Өлгөндө да өзгөлөрдү басынтып 
Өзүнүкүн көкөлөткөн көр талаш. 

Бийлик үчүн тегерете чеп курган,
Биттери да бийик сөздү кеп кылган
Бир билгени болсо керек бул дүйнө,
Бирин бири үзүп-жулкуп жеп турган. 

Убактылуу ойлонгонум, күлгөнүм,
Утурумдук өмүр болсо сүргөнүм, 
Түрткүлөшкөн мал базардай жашоодо 
Түшүнүксүз, эмне кылып жүргөнүм... 

Жыргалбек КАСАБОЛОТ