Get Mystery Box with random crypto!

УКТАП ЖАТСАҢ КЕРЕК Жарык өчүп ак жүзүңдөн нур тамып, Шок эрин | Кыргыз Поэзиясы

УКТАП ЖАТСАҢ КЕРЕК

Жарык өчүп ак жүзүңдөн нур тамып,
Шок эриниң бир аз гана тынч алып,
Шириндигиң наристедей уктасаң,
Наздуу жанды көрбөгөнмүн мынчалык.

Уктап жатсаң керек
Назик колуң жууркан көздөй тартылуу,
А үстүңдө мамык кебез артылуу,
Сен уктасаң жыттап алып чачыңды,
Жаздыгың да түбөлүккө бактылуу.

Уктап жатсаң керек
Периштенин канатында кагылып,
Кундуз чачың жаздык толо жайылып,
Бейпил түндө жалгыз өзүң уктайсын,
Бакырайган көзүң кирпик жамынып.

Уктап жатсаң керек
Турган өңдүү уячаңда күн күлүп,
Дем алганың эркелигиң билдирип.
Токтобосун жүрөгүңдүн кагышы,
Дайымкыдай бир адамды сүйдүрүп.

Укта, эркем, ты-ы-ынч гана,
А мен тилейм күткөн күнгө жетебиз,
Бул өмүрдөн кайгы көрбөй өтөбүз,
Балкып гана бакыт сезип жашайбыз,
Бирге уктап бир жаздыкта экөөбүз.

Самаган МОЛДОЯРОВ