Get Mystery Box with random crypto!

АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ Азыр мага башымды жөлөп алып, мойнунан бе | Кыргыз Поэзиясы

АРТЫМДЫ КАРАЙМ УЛАМ

Азыр мага
башымды жөлөп алып,
мойнунан бек кучактап
ыйлаганга ийин керек.
Ким болсо
ошол болсун,
атын да
айтпай койсун.
Мен ыйлап бүткүчөктү
чачымдан аста сылап,
болгону, болгону эле
ийинин тосуп койсун.
Элпектенип эч кимди
туурабасын,
эбиреп көңүлүмдү улабасын.
Эчкирип кошо ыйлап
бетимди суулабасын.
Эми кантем элдерден
өткөн-кеткен
дегенсип корунбасын,
уялбасын.
“Эмне болду айтсаң”- деп
сурабасын.
Баары бир жооп бере албайм,
бүт денем талып турат,
баягында бакыт издеп
чыккан элем,
ошол сапар мына азыр
карып турат.
Басынып, чүнчүп, анан
көңүлүм көп нерседен
калып турат.
Үн-сөзсүз кулачудай,
жыгылсам турбачудай
бир кызык болуп турам.
Көрүнбөйт эч ким жолдо,
акыркы күчүм жыйнап,
а балким келатат деп
артымды карайм улам…

Рахат ЖУМАНАЗАРОВА