Get Mystery Box with random crypto!

ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА Жүз жылдар мындан кийин да Бул тоо | Кыргыз Поэзиясы

ЖҮЗ ЖЫЛДАР МЫНДАН КИЙИН ДА

Жүз жылдар мындан кийин да
Бул тоолор минтип турушат.
Анда да бизче адамдар
Карыбас үчүн тырышат.

Жүз жылдар мындан кийин да
Сүйүүлөр болот ушундай.
Үшүнтүп жерге жаз келип,
Үшүнтүп чыгат ушул ай.

Жүз жылдар мындан кийин да
Дарактар желге ыргала
Шуудурап турат үшүнтүп…
Биз жокпуз аттиң бир гана.

Сүйүнбай ЭРАЛИЕВ