Get Mystery Box with random crypto!

Эмнеге эркектик бакыт деген түшүнүк жок… Туулган күндөрдө же | Aisuluu Almaz✨

Эмнеге эркектик бакыт деген түшүнүк жок…

Туулган күндөрдө же майрамдарда кыздарга, айымдарга аялдык бакыт каалайм дегенди көп угам. Эң негизгиси аялдык бакыт каалайм, жолдошуң, балдарың үй жайың болуп бактылуу аял бол деген сымал кошумча каалоо-тилектер менен жыйынтыкталат тосттор.

Азыр дүйнө кеңири, мүмкүнчүлүк чачтан көп, аялдык бакыт күйөө, бала анан жылуу үй менен эле чектелбейт да. Жакшы көргөн ишиң, кызыкчылыктарга бөлгөнгө убактың, үйүңдө, коомдо укуктарыңдын корголуп, үнүңдү угуза билүүң деген сымал кошумча бакыттар менен коштолуп биз билген аялдык бакыт каалоо тилеги кадимки адамдык бакыт тилегине айлануусуна убакыт келбедиби.

Анан аялдык бакыт каалайм дегенди уккан сайын эмнеге эркектик бакыт каалайм деген жок деп ойлоно берем.

Коом балким эркекти ансыз деле бактылуу, кошумча бакытка муктаждыгы жок, же эркек бактылуу болбой койсо деле болот деп кабыл алып алганбы…

Же эркек маймылдан бир аз айырмаланса эле болду, мейли эркек да жарашпаган кийим кийип, курсак байлап жүрсө жүрө берсин, окубаса мейли жигит да эч нерсе болбойт, тамак былтыйып даамсыз болсо деле мейли, закыйган киши жеп алат, эркекке боло берет деп, коом эркекти ылдыйкы даражадагы жандык катары көргөнүнөн тарбиясыз, өзүнө эле эмес тегерегиндегилерге да зордук-зомбулук көрсөтүп күн көрсөтпөгөн, майдаланган эркектер көбөйбөй элеби?

Жазында Кыргызстанга барганда баламды ии төшү кирдептир, кийимин которуп келейин же андай тамактарды жебейт, ден соолугуна зыян десек “Алман деген жигит да эч нерсе болбойт, ошондой эле жүрө берсин, жей берсин” дегендерди көп угуп капа болдум.

Эркек болгону үчүн эле балама, деги эле эч бир күнөөсүз эркекке андай басмырлаган мамиле көрүүсүн каалабайм…

Баламдын тамактын эң жакшысын жеп, кийимдин сапаттуу тазасын кийип, кийин буюрса чоңойгонунда жакшынкай болуп өзүн, ден соолугун карап, кам көрүп, билим алып, жогоруда айткандай адамдык бакыттарга ээ болуп жыргал жашоо сүрүүсүн чын жүрөктөн тилейм.

эски күндөлүгүмдөн.