Get Mystery Box with random crypto!

Кичинемде сарысың дешсе өзүмдү жээричүмүн… Кичинекейимден тег | Aisuluu Almaz✨

Кичинемде сарысың дешсе өзүмдү жээричүмүн…

Кичинекейимден тегерегимдегилердин баары сары дейт. Бизде сары экен, ак экен анан кара экен деп элдерди бөлүштүргөн аябай өнүккөн го, кээ бирөө “ай сары кыз” деп сүйүп айтат, кээ бирөө “ии сары турбайбы” деп жээрип айтат.

Чоңоюп чет өлкөлөргө чыгып, башка улуттагы, өңдөгү элдерди көргөнгө чейин сары десе эле өтө терс кабыл алчумун.

Күнгө чыкканымда чекемдеги майда сары чачтар жылтырап, күндүн нуру менен чагылышканда кадимкидей жиним келчү. Ошондон улам го мектепте окуп жүргөнүмдө эле чачымды боёп баштагам.

Азыркыдай интернеттен жылдыздарды көрүп, туурап сулууланат деген жок болчу. Дүкөнгө барып, даана кара эмес же күрөң эмес экен деп “баклажановый” деген өңүнөн алып боёчумун. Чекемдеги сары чачтар кыпкызыл, калган төбө тарабы күнгө чыксаң көгүлтүр өң берчү.

2011-жылы Куала Лумпурда окуп жүрүп, чач боёгонго мүмкүнчүлүгүм болбой, бир карыштай төбөмдө өзүмдүн чачым өсүп, чач тарачка бир аз учтарын кыскарттырайын дер барсам чач тарач жигит “ай сеникиндей табигый күрөң чач жасай албай канча кыз жүрөт, боёп эмне бузуп жатасың” дегенде эсиме келгем.

Ошондон бери такыр чач боёбойм, кайсы чач тарачка барбайын, “ии чачың сонун күрөң, боёлбой жупжумшак турбайбы” деп жагымдуу сөздөрүн көп айтышат.

Бизде каш-чач, тырмагын жасап жүргөн коомдо аябай бааланат го, боёнбой жөн эле жүрсөң жүдөп деп.

Көпчүлүк чет элдерде аялдын өзүн мүмкүн болушунча табигый, ашыкча боексуз алып жүрүүсү бааланат. Мисалы Канадада жергиликтүү айымдардын чачын же тырмагын боёп жүргөнүн чанда көрөсүң. Ал тургай чачы агарганда да жакшынакай кылып кестирип коюп, боёбой эле жүрө беришет.

Жакшы карыш керек, аялдын жашын сурабайт деп карыган да табигый кубулуш экенин кабыл ала албай кыйналабыз.

Өзүбүздү турган турпат, чыккан ак чач, беттеги бырыш, белдеги ашыкча КГларыбыз менен эле жакшы көрө берсек болбойбу?

Ансыз да жашоо көз ачып жумгуча өтүп жатат...

3 жыл мурун жазыптырмын.