Get Mystery Box with random crypto!

Кээ бирин макул бул кылганым үчүн деп кабыл алсам, кээ бири чы | Aisuluu Almaz✨

Кээ бирин макул бул кылганым үчүн деп кабыл алсам, кээ бири чындап адилетсиз сезилип капа болуп, жашоомо же жумушума чындап көңүл бура албай, үшкүрүнүп жүргөнүмдө абалымды көргөн Арстан “мага макул болуп үйлөнбөсөң ушунун баарын укпайт элең, мени кечирип койчу” деп кечирим сурады эле.

Жерге түшүп сүйрөлүп калган көңүлүм менен өзүмө болгон ишеничимди бир эле сүйлөм кандай көтөрүп кеткен эстесем… Балким ошол сүйлөм үй бүлөбүздү сактап калган деп ойлой берем…

Кайын журт менен келин түшүнбөстүгү болгон учурда көпчүлүк учурда келинди күнөөлүү деп табышып, келиндин жолдошу кечирим сурамак тургай “сен менин үй бүлөмө ушундай мамиле жасадың” деп ого бетер жемелеп, ал аз келгенсип “бизди же аялыңды танда” деп үй бүлөсү шарт коюп канча үй бүлө “мени, бизди адилетсидик кылсак кечирип койчу” деген бир сүйлөмгө зар болуп чачырап, ажырашып кетип жатат…

Түйгөйлөр эле ажырашса жакшы да, ортодо бейкүнөө тирүүлөй жетим калган балдарчы…

Кечиримдүү, айкөл болгон адамда эң керек ыйык сапат дейбиз. Бирок өзүңдү жеңип, катаңды мойнуңа алып “мени кечирип койчу” дей билген андан да бийик, ыйык сапат менимче…