Get Mystery Box with random crypto!

Кечирим суроонун жашы, жынысы жок… Ичиңден чыккан балаңды баа | Aisuluu Almaz✨

Кечирим суроонун жашы, жынысы жок…

Ичиңден чыккан балаңды баарынан жакшы көрүп, дүйнөдө эмне сонун сезимдер болсо балаңа тартуулагың келип, күндүр-түндүр коопсуздугун тынбай ойлогонуң менен кээде адамсың да, мен мындай эне болом деп куруп алган жоопкерчиликтериңен чыгып, мен такыр антпейм деген аракеттерди кылып жиберет экенсиң.

Алгачкы айларда көп билинген эмес, Арстан 4 айлык биз менен декреттик өргүүгө чыгып бизди багышып жатканынан сезилген эмес чыгаар… Алман 6-7 айларында денем эле эмес мээм кошо чарчап, уктасам уйкум канбай, улам ыйлагым келип, ыйлаган сайын ушул сонун жашоону кыялданып, эмгек кылып жатып курдук да, ыйлаганым эмнеси деп кайра өзүмдү жектеп бир топ кыйналдым.

Төрөгөндөн кийин энелер кайгыга батып, депрессия болот деп коет го, Кудайга шүгүр абалым ага жеткен жок. Азыр Алман салыштырмалуу бир аз чоңоюп, баккан жеңилирээк болуп, өзүмдү караганга убактым көбүрөөк артып, акылым тунуп, артка кайрылып абалымда баамдасам болгону аябай чарчаптырмын…

Эсимде, түнкүсүн туруп 2,5-3 саатта бир эмизип жүргөн убактарда аябай чарчап, күнү түнү уйкум келип кыйналып жүрсөм, ортодо 6 айлык кезинде Алмандын уйку сааттары бузулуп, уктата албай айлабыз кетип, кечке колго алып отуруп, канча сааттан бери отурабыз, уктабайсыңбы деп кыйкырып урушуп ийип, Арстан аркы бөлмөдөн келе калып “кичинекей балага эмнеге үнүңдү көтөрөсүң, мен эмизе албай жатам болбосо өзүм эле бакмакмын” деп мени урушуп, чарчап жүрүп өзүмдү башкара албай калдым деп мен Алмандан кечирим сураган күнүм такыр эсимен кетпейт.

Негизи эле балага кол көтөрбөйбүз, кыйкырып урушпайбыз, мүмкүн болушунча маселенин баарын сүйлөшүп чечебиз, түшүндүрүп тарбиялайбыз деп балалуу болордо макулдашканбыз.

Анан жогорудагы окуядан кийин өзүмдү бир топко жектеп, аябай жаман сезип жүрдүм. Бирок аралаш сезимдердин арасында, өзүмдү башкара албай турсам да убагында, Алманды кичинекей эмнени түшүнмөк эле деп баласынтпай кечирим сурап жетишкениме ичимден өзүмө ыраазы болом.

Ал окуя эле эмес, негизи эле айтканыбызды аткарбай, мисалы бакчадан бүгүн сени эртерээк төрттө алып кетем деп коюп бир аз кечиксек да, эмнеге кечиккенибизди айтып кечирим сурайбыз.

Бизде баладан кечирим суроо деген маданият жок го. Балким башкалардын үйлөрүндө бардыр, бирок баладан кечирим сурап жаткандарды менин айланамда көрө элекмин.

Анан биздин биз улуубуз, ата-энеңбиз деп чоңсунбай Алмандан тили чыга элек болсо да адилетсиздик кылсак кечирим сурап, бала эле эмессиң сен да дагы адамсың, коомдун бир мүчөсүсүң деген түшүнүктү азыртадан калыптантып жатканыбызга кубанам.

Бала эле эмес бизде чоңдор арасында деле кечирим сурап, себеп кылган жүрөктөгү жараларды айыктырып, элдешип, аң сезимдүү чоң адам катары мамиле куруу сымал маданияты көп жок да.

Күндөлүктөрүмдө Арстан экөөбүздүн мамилерибизди кээ бир темаларга мисал кылып жазсам, “эл сенин жазганыңды окусун деп калп айтып жатат окшойсуң, күйөөңдү обу жок мактайт экенсиң” деген сымал каттар келет.

Маселени тынч отуруп, бир-бирин жемелеп жаман сөз айтпай, бир-бирин сындабай угуп, адилетсиздиктери үчүн кечирим сурашып мамиле курган маданияттан келбесек да, азыр кандай бир-бирибизди сыйлап, барктаган аң сезими жетишкен түгөйлөрдүкүдөй мамилебиз бар болсо, баары түшүнбөстүктөрүбүздү, көйгөйлөрүбүздү убагында таап, мен эркекмин, мен аялмын деп жыныска сыпаттабай, баарын тынч отуруп сүйлөшүп, кечирим сураган талыкпас эмгектерибиздин натыйжасы.

Жаңы үйлөнгөндөн кийин бир канча жыл кайын журтка көнө албай, жаңы үй бүлөгө аралашып бата албай, өзүңдү турган турпатың менен жөн эле шартсыз кабыл алдырта албай далай беймаза болосуң го…

Алыста жашаганыбыз менен телефон-интернет аркылуу, узактан курган кадимки келиндердикиндей эле менин да кайын журтум менен мамилем бар. Алман төрөлөт деген кабар алганыбыздан бери баарыбыздын болгон көңүлүбүз Алманга жумшалып, мамилелерибиз оңолуп калды, болбосо менин кайын журтум менен болгон мамилем көпчүлүк келиндердикинен эч айырмаланбайт.

Эсимде пандемия башталып жаткан жылы, чоң түшүнбөстүктөр болуп, тарабыма такыр күтпөгөн сөздөрдү уккам.