Get Mystery Box with random crypto!

Жөнөкөйлүк жаңы замандагы сулуулук… Жаңы жылда буюрса Канадаг | Aisuluu Almaz✨

Жөнөкөйлүк жаңы замандагы сулуулук…

Жаңы жылда буюрса Канадага көчүп келгенибизге беш жыл болот экен анан беш жылда кандай өзгөрүүлөр, болду, мен кандай өзгөрдүм, өнүгө алдымбы, жаңы журтташтар мага эмне үйрөттү деп ойлонуп жүрөм бир канча күндөн бери.

Анан ойлосом Канадалыктардан эң биринчи жөнөкөйлүктү, эч кимден эч нерсе күтпөгөндү (өзгөчө жакындарыңдан) анан жашооңо ыраазы болуп жашаганды үйрөнүптүрмүн…

Мисалы жаңы машине алдым, үй алдым, мындай көйнөк алдым, мына сага Шанелден сумка алдым, ии атыр алдым, өзүңдү жакшы көрүш керек экен деп мындай бут кийим алдым деп мактанбайт эч ким бул жакта.

Боюмда бар, азыр эл алдында шар жарып жынысын билебиз да дебейт. Балким жыныс үйрөнүү майрамын уюштуруп жаткандар бардыр, бирок биздин тегерегибиздеги тааныштарыбыздан көрө элекпиз.

Эл IT окуп Америкага кетип жатыптыр, тезирээк кесибимди алмаштырып мен да жан талашайын дегендерди да көрө элекмин. Деги эле ким эмне жумуш кылса, таштанды жыйнагычпы, сантехникпи, электрикпи же дүкөндө сатуучубу баары жашоосуна ыраазы.

Тапканы жашоосуна жетип жатканы да ал үчүн чоң жардам болсо керек албетте.

Эл муну кылып жатыптыр, тигини кылып жатыптыр кокуй мен да кыймылдайын деп жатып отуруп, дем алып өз жашообузду, бүгүндү жашабай калабыз го…

Эл менен жарышып жашап жүрүп мен эмне кылганды жакшы көрөм, эмнеге шыгым бар, эмне жумуш кылганга дараметим-кудуретим жетет деп суроо бергенге да үлгүрбөй өмүрүбүз өтүп кетет…

Анан акыркы жылдары, өзгөчө Алман төрөлгөндөн кийин, жашоомду, каалоолорумду, максат-тилектеримди, ал тургай кийген кийимдериме чейин электен өткөзүп, мага чындап азыр эмне керек, эмне менен алектенген жагат, мага эмне жакшы энергия жана бакыт тартуулайт деп иргеп, жашоомду, өзүмдү бир топ жөнөкөйлөштүрдүм.

Улам өсүп өнүгүп, өзгөчө ийгиликтерге жетип баштаганыңда жашооңдон кээ бир адамдар өзү эле чыгып кетет экен. Мамилерди оңдоп, кеткен адамдарды кайра чакырып энергия коротуп, өзүмдү далилдегенге аракет кылбай, мурда эң жакыным деп жүргөн дос-туугандарымды да кое бере ала турган деңгээлге жетип чоңойдум.

Кечээ тарыхчаларда суроо-жооп уюштурсам “сиз аябай жөнөкөй экенсиз” деген жөн эле жакшы каалоо-тилек менен коштолгон бир тлп кат келиптир.

Жөнөкөйлүгүмдү байкаган курч көзүңөргө рахмат.

Жөнөкөйлүк мен үчүн жөн эле боенуп жасанбай, мактанып чалчактабай жүрүү эмес, болгон табигатыңды шартсыз кабыл алып, кемчиликтериң болсо оңдоп, тарбиялап, үйдө бир, сыртта башка бири болбой жалгыз жүздүү ичи-тышы бирдей адам болуу… Ал үчүн өзүмдү тарбиялап, азыркы абалыма келүүгө далай эмгек жумшадым.

Анан дагы улам өнүгүп, өсүп, бийиктеген сайын жерге жакын болууну сезе билүү да чоң эмгекти талап кылган сапат экен. Ошону да убагында аңдап, улам жаңы ийгиликке жеткен сайын ого бетер жерге жакын болуп жөнөкөйлөшүп баратканыма абдан кубанам…

Чындап билгенге, түшүнгөнгө жөнөкөйлүк бул жаңы заманда сулуулук…