Get Mystery Box with random crypto!

Ата баласы менен энеге караганда көбүрөөк сыймыктанбайбы? Ат | Aisuluu Almaz✨

Ата баласы менен энеге караганда көбүрөөк сыймыктанбайбы?

Ата-энелер балдары менен качан, эмнеге сыймыктанбай калат деп өткөндө жазганымда:

“Энемден да атам биз менен сыймыктанбайт, качан болсо элдин балдарын карачы, баланчанын кызын-баласын карачы, баланча өлкөдө жашап, шумдук жерде иштеп, гезиттерге чейин аты чыгып, ата-эне, бир туугандарына үй салып берип, укмуш эстүү болуптур, а сенчи деген ачуу сынын канчага чыгып, канча балалуу болгон чоң адам болсом да койгон жок.

Акыркы күндөрү атам менен такыр сүйлөшкүм келбейт, сеники чын деп коюп кутулам, атама мени болгонумдай шартсыз кабыл алуусу мүмкүн болбой калды го, мейли эми кааласам-каалабасам да атам да” деген сымал каттар көп келди.

Иним Каниет экөөбүздүн папабыз мен бир жаш, иним курсакта кезинде унаа кырсыгынан каза болуп, мамам жыйырма эки жашында жолдошун жоготкон бойдон турмушка чыкпай бизди багып, бизге кошуп баласын жоготуп дүйнөсү кулап отуруп калган чоң эне, чоң атамды кошо багып, ушул күнгө чейин алгачкы келин болуп келген үйдө учурда энемди багып, карап жашайт.

Папабыз мен өтө кичинекей кезде өтүп кеткенинен менин такыр эсимде жок, ал тургай ата деген кандай болот болду экен деген сезим да жок.

“Өмүрүмдө авокадо жеп көрө элекмин, ал кандай болот” деп кээде авокадонун сүрөтүн бөлүшүп калсам каттар келет. Дал ошол авокадонун даамын билбеген сымал “ата” сезиминин даамын билбейм…

Чоң атам биздин чоңоюубузга, балалыгыбызга аралашып дайым жаныбызда болгону менен, чоң ата небересин, өзгөчө колунда жашаган үйдөгү небересин өзгөчө көрөт, ошол сымал чоң атамдын шартсыз, чексиз сүйүүсүнөн башка эч бир сезим көргөн эмесмин.

Анан “атам мени менен такыр сыймыктанбайт” деген каттарды сезе албай аябай бүдөмүк абалда калдым. Себеби “ата-бала” сезиминен тагдыр кереги кур калгам…

Келген каттарга эмне деп жооп берээримди билбей, сиз жалгыз эмессиз, менде да дал ошондой сезим болгон дей албай, кээ бириңердин катыңарга жүрөк басып койгондон башка эч нерсе кыла алган жокмун.

Кийин чоңойгондо өзүнө куурап психолог издеп калбасын, биз бактылуу балалык тартуулап, өзүнө ишенген, өзүн урматтаган бактылуу баланы кантип чоңойто алабыз деп Арстан экөөбүз Алман курсакта кезинен баштап изилдөөлөрдү окуп, бала тарбиялоо боюнча адистердин кептерин угуп, бизге жаккандарын кулагыбызга күмүш сырга кылып илип, акырындан үйрөнгөндөрүбүздү бала багуу ыкмаларыбызга кошуп турабыз.

Анан өткөндө он беш айлык баланын кандай өзгөчөлүктөрү бар, мээ жана дене өнүгүүсүнө биз кандай туура жардам бере алабыз деп интернеттен түрдүү маалыматтарды издеп отуруп, Канадалык доктур, бала багуу боюнча белгилүү изилдөөлөрдүн автору Доктор Габор Матенин ата менен баланын мамилеси жөнүндө сонун айткандарын окуп калдым.

Доктур “илгертен бери, ал эле эмес азыркы убакта дагы, үй бүлөдө ата акча-каражат таап үй бүлөнү багуучу, эне үйдө балдарды карап негизги тарбиялоочу болуп тиричилик жоопкерчиликтери бөлүшүлүп калган.

Анан ата, баланы багууга физикалык жактан дээрлик такыр аралашпай, ата менен баланын ортосунда эне-баланыкындай жакын мамиле курулбай, ата көпчүлүк учурда мен акча каражатын таап жатам, сен ишеничимди актаган жакшы-жетишкен бала болуп чоңой деген сымал талаптарды коюп, анан кийин бала чоңойгондо ошол талаптар аткарылып жатабы деп улам тактап сураган, баарын контролдоп башкаргысы келген бири болуп калат. Ошондуктан кийин чоңойгондо да көпчүлүктүн атасы менен болгон мамилеси начар” дейт.

Канча күндөн бери силердин каттарыңардан улам пайда болгон суроолорго жооп алгандай эс алып калдым.

Менин энем курактуу улуу муундар тууралуу айта албайм, бирок биздин ата-энелерибиз, мына эми окуумду бүтүп иштейм, келечегимди курам деп турган маалда Совет доору кулап, жаңы жаш өлкөнүн жараны болуп, иштейин десе жумуш жок, жан багуунун айласы кылып жасабаган жумуш-бизнеси калбай, балдарын азыр биздин тажрыйбабызга салыштырмалуу кыйынчылык-жокчулукта чоңойтуп, Доктор Габор айткан талап коюп, талаптарым аткарылып жатабы деп баласынын аркасынан аңдып алган атага, энеге айланып калышкандай…