Get Mystery Box with random crypto!

Анан жогоруда айткан кызгануу, же ишенбей кайгырган сезимдер ө | Aisuluu Almaz✨

Анан жогоруда айткан кызгануу, же ишенбей кайгырган сезимдер өзүнөн өзү жоголуп кетти.

Азыр ойлосом, ал кызгануу сымал керексиз сезимдер өзүмө болгон ишеничимдин пайда болуусу, өзүмдү жакшылап таанып, өзүмдү сыйлаганды үйрөнүп баштоо менен жоголуптур.

Анан да сенден кете турган адам, байласаң да сенден кетет, адам адамдын менчиги эмес, өзгөчө сезимдерин тебелеп, башкарып алууга укугуң жок, дени сак мамиле куруу үчүн алгач өзүңдү тарбиялооң керек экенин түшүнгөнүм да чоң жардам берди.

Үй бүлө куруп, өзгөчө балалуу болгондон кийин түгөйдөн мурун сен ата-энесиң, кандай абал болбосун экөөңдүн ортоңдогу мамиле баланын бактысыз болуп калуусуна себеп болбосун деген жоопкерчилик пайда болду.

Анан керексиз, жан соолугуңа зыян келтире турган сезимдерге чындап орун калбай калат экен…

1-бөлүм

Өтө чоң жана терең тема…

Ойлорумдун көбүн бир канча баракка батыра албай калдым, буюрса бул туурасында дагы жазам…