Get Mystery Box with random crypto!

ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊

Telegram каналынын логотиби suiuuislamd — ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊
Telegram каналынын логотиби suiuuislamd — ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊
Канал дареги: @suiuuislamd
Категориялар: Цитаталар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 3.29K
Каналдан сүрөттөмө

https://t.me/suiuuislamd
~ Эшматова Адина.

🔹исламдагы сүйүүнү даңазалоо 💛
🔹 хадис, аяттар.🗒️
🔹 автор тарабынан жазылган сөздөр.
♦️ цитаталар.
♦️ Мотивация.
🔹 Соңу жолугушуу болсо, күткөн дагы жагымдуу ♡♡..

Ratings & Reviews

2.00

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

1

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 2

2022-08-25 14:15:50
1.6K views11:15
Ачык / Комментарий
2022-08-24 19:06:06
1.7K views16:06
Ачык / Комментарий
2022-08-24 17:45:37 ~ убагында этибарга албаган кээ бирки майда сөздөр дагы, бир күн келип сагындырат .

Эшматова Адина.
1.7K views14:45
Ачык / Комментарий
2022-08-24 17:44:18 ~ камыштан болсо дагы, өз үйүңдөн өтөрү жок .

Эшматова Адина.
1.6K views14:44
Ачык / Комментарий
2022-08-23 19:04:17
1.8K views16:04
Ачык / Комментарий
2022-08-23 16:07:24 Кошуналар менен болгон адеп

Ислам дини мусулман адамды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууга буйруйт. Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата - энеңерге, тууган - урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят). Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават-саламдары болсун) хадисинде мындай деген: «Жабирейил мага кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт го деп ойлоп калчумун». (Бухари, 6014. Муслим, 2624). Мусулман адам кошуна менен жакшы мамиледе болуу үчүн төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:

1. Кошунага зыян жеткирүүдөн сактануу керек. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойноштук кылуу), уурулук кылуу, сөгүп-тилдөө, анын короосуна таштандыларды ыргытуу, тынчын алуу ж.б.у.с. бардык кошуна ыза боло турган нерселерден сактануу зарыл. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): “Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин!” – деп айткан. (Бухари, 6475. Муслим, 48).

2. Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): «Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын!» - деген. (Муслим, 47).

3. Кошунанын ал-абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак- аш жана кийим-кечеден жардам берүү керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун) Абу Зарга кайрылып: «Эй, Абу Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа алып барып, андан кабар ал!» - деп буйруган. (Муслим, 2625).

4. Кошуналардын арасынан эшиги жакыныраагы жакшылыкка көбүрөөк акылуу болот. Айша энебиз пайгамбарыбыздан “Кошуналардын кимиси менин жакшылыгыма акылуу болот?” – деп сураганда, “Кимисинин эшиги жакын болсо, ошонусу жакын кошуна болуп эсептелет” – деп айткан.
1.8K views13:07
Ачык / Комментарий
2022-08-22 05:41:11
2.1K views02:41
Ачык / Комментарий
2022-08-22 05:37:43
2.0K views02:37
Ачык / Комментарий
2022-08-21 09:12:42 Ата-эне менен болгон адеп

Ислам дини ата-эненин даражасын башка диндерде жок даражага көтөрүп койгон. Анткени, Аллах Таала ата-энеге болгон жакшы мамилени, аларга урмат-сый көрсөтүүнү Аллах Таалага
ыйман келтирип, ага кулдук кылуудан кийинки эле даражага койгон. Ата-эне менен болгон адептердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

1. Акаарат берип, оройлук кылбоо. Ата-энеге "оф" деген сөздү айтпоо. Алардын буйруктарына моюн сунуу. Аларга мээрим кылуу, жакшы мамиле жасоо ваажип (милдет).

2. Аларга жакшылык кылуу (сөздө, амалда, алыш-бериште). Аларды өзүнүн жанынан да, балдарынан да, аялынан да артыкча сезимде жакшы көрүү. Алардын талаптарын жана буйруктарын алдыңкы орунга коюу. Аллах Таала тыйбаган жолдо аларды ыраазы кылуу (ата-энеси каапыр болсо да).

3. Алар муктаж болгон кезде аларды камсыздандыруу.

4. Аларды кароо (багуу). Өзгөчө карыган кезде. Аларга жумшак болуу, ар дайым аларга кубаныч тартуулоо.

5. Сапарга алардын уруксаты менен чыгуу. Ал сапар Аллах Таала жолундагы согуш болсо да.

6. Жашылык кылууда эне үчүн артыкчылыкты белгилөө.
Мухаммад А.С. дан бир адам "Кимге жакшылык кылуум керек? дегенде, Мухаммад А.С. "Үч жолу энеңе деп,
төртүнчүсүндө атаңа" деген.

7. Алар дүйнөдөн кайтыш болгондон кийин аларга дуа кылуу, алардын осуяттарын аткаруу. Алардын достору менен жакшы мамиледе болуу.

Булагы: «Мусулман балдары үчүн адеп-ахлак китебинен»
2.2K views06:12
Ачык / Комментарий
2022-08-13 19:32:22
Ассалоому алейкум биздин окурмандар !!!!!!
Бүгүн сиздерге мыкты каналдар топтомун түздүк . Андыктан, баарына кошулунуздар деп да айта албайбыз .Бирок, сөзсүз баарына кирип көрүңүздөр, жагат деген ойдобуз . Эгер жакса тиркеле кетиңиздер
505 views16:32
Ачык / Комментарий