Get Mystery Box with random crypto!

Ата-эне менен болгон адеп Ислам дини ата-эненин даражасын баш | ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊

Ата-эне менен болгон адеп

Ислам дини ата-эненин даражасын башка диндерде жок даражага көтөрүп койгон. Анткени, Аллах Таала ата-энеге болгон жакшы мамилени, аларга урмат-сый көрсөтүүнү Аллах Таалага
ыйман келтирип, ага кулдук кылуудан кийинки эле даражага койгон. Ата-эне менен болгон адептердин кээ бирлери төмөнкүлөр:

1. Акаарат берип, оройлук кылбоо. Ата-энеге "оф" деген сөздү айтпоо. Алардын буйруктарына моюн сунуу. Аларга мээрим кылуу, жакшы мамиле жасоо ваажип (милдет).

2. Аларга жакшылык кылуу (сөздө, амалда, алыш-бериште). Аларды өзүнүн жанынан да, балдарынан да, аялынан да артыкча сезимде жакшы көрүү. Алардын талаптарын жана буйруктарын алдыңкы орунга коюу. Аллах Таала тыйбаган жолдо аларды ыраазы кылуу (ата-энеси каапыр болсо да).

3. Алар муктаж болгон кезде аларды камсыздандыруу.

4. Аларды кароо (багуу). Өзгөчө карыган кезде. Аларга жумшак болуу, ар дайым аларга кубаныч тартуулоо.

5. Сапарга алардын уруксаты менен чыгуу. Ал сапар Аллах Таала жолундагы согуш болсо да.

6. Жашылык кылууда эне үчүн артыкчылыкты белгилөө.
Мухаммад А.С. дан бир адам "Кимге жакшылык кылуум керек? дегенде, Мухаммад А.С. "Үч жолу энеңе деп,
төртүнчүсүндө атаңа" деген.

7. Алар дүйнөдөн кайтыш болгондон кийин аларга дуа кылуу, алардын осуяттарын аткаруу. Алардын достору менен жакшы мамиледе болуу.

Булагы: «Мусулман балдары үчүн адеп-ахлак китебинен»