Get Mystery Box with random crypto!

Кошуналар менен болгон адеп Ислам дини мусулман адамды жанынд | ᏟҮЙҮҮ ИᏟᏗᎪᎷᎠᎪ🕊

Кошуналар менен болгон адеп

Ислам дини мусулман адамды жанында жашаган кошунасы, бирге иштеген кесиптеши, жана бирге жүргөн сапарлашы менен эң жакшы мамиледе болууга буйруйт. Алла Таала минтип айткан: «Алла Таалага кулчулук (ибадат) кылгыла жана Ага эч нерсени тең (шерик) кылбагыла! Ата - энеңерге, тууган - урукка, жетимдерге, бейбечараларга, тууган кошунага, бөтөн кошунага, жаныңардагы жолдошуңарга, жолоочу мусаапырга жана кол астыңардагы кулдарыңарга жакшылык кылгыла»! (Ниса сүрөсү, 36-аят). Кошунанын исламдагы орду өтө чоң. Бул жөнүндө пайгамбарыбыз (Ага Алланын салават-саламдары болсун) хадисинде мындай деген: «Жабирейил мага кошунага жакшылык кылууну ушунчалык көп осуят кылгандыктан, аны мураскор кылып коёт го деп ойлоп калчумун». (Бухари, 6014. Муслим, 2624). Мусулман адам кошуна менен жакшы мамиледе болуу үчүн төмөнкү адептерге көңүл буруусу керек:

1. Кошунага зыян жеткирүүдөн сактануу керек. Мисалга, аялы менен зина кылуу (ойноштук кылуу), уурулук кылуу, сөгүп-тилдөө, анын короосуна таштандыларды ыргытуу, тынчын алуу ж.б.у.с. бардык кошуна ыза боло турган нерселерден сактануу зарыл. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): “Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына зыян бербесин!” – деп айткан. (Бухари, 6475. Муслим, 48).

2. Кошунасын урматтап, жакшылык кылуу керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун): «Кимде-ким, Алла Таалага жана Акырет Күнүнө ыйман келтирсе, анда кошунасына жакшылык кылсын!» - деген. (Муслим, 47).

3. Кошунанын ал-абалын сурап, эгер муктаж болсо, тамак- аш жана кийим-кечеден жардам берүү керек. Алланын элчиси (Ага Алланын салават-саламдары болсун) Абу Зарга кайрылып: «Эй, Абу Зар! Эгер шорпо бышырсаң, суусун көбүрөөк куюп, кошунаңа алып барып, андан кабар ал!» - деп буйруган. (Муслим, 2625).

4. Кошуналардын арасынан эшиги жакыныраагы жакшылыкка көбүрөөк акылуу болот. Айша энебиз пайгамбарыбыздан “Кошуналардын кимиси менин жакшылыгыма акылуу болот?” – деп сураганда, “Кимисинин эшиги жакын болсо, ошонусу жакын кошуна болуп эсептелет” – деп айткан.