Get Mystery Box with random crypto!

Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Telegram каналынын логотиби onuktur — Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот Ж
Telegram каналынын логотиби onuktur — Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот
Канал дареги: @onuktur
Категориялар: Фактылар
Тил: main.Kirgizian
Абоненттер: 2.85K
Каналдан сүрөттөмө

💡 Инсандык өнүгүү
🖊 Максаттарга жетүү
📙 Акылды машыктыруу
🧭 Ар тараптан өсүү
📕 Китепке кызыгуу
🏆 Ийгиликтүү болуу
ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР! 🚀
Логикалык каналыбыз https://t.me/logikalyksuroo
Кызматташуу
@Burulaiw

Ratings & Reviews

2.00

2 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

0

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Акыркы Кабарлар 2

2022-05-18 08:51:11 Жеке өзүн-өзү өнүктүрүү сизди гана эмес, башканы да өзгөртөт. Анын жардамы менен сиз дүйнөнү же башка адамдардын жашоосун жакшы жакка өзгөртө аласыз.

Кылбаган нерсеге өкүнгөнчө, бир нерсе жасап, өкүнгөн жакшы.

Жеке өзүн-өзү өнүктүрүү - бул өзүңүздү далилдөөнүн жана өзүңүздүн эмнеге жөндөмдүү экениңизди далилдөөнүн жолу.

Эгер кимдир бирөө буга чейин муну жасай алган болсо, анда сиз да жасай аласыз.

Каталар да өзүн-өзү өнүктүрүүгө жардам берет. Терс натыйжа да натыйжа болуп саналат.

Көп учурда күчтөр бизди ийгиликке бир кадам ташташат.

Өзүн өзү өркүндөтүү оңой эмес. Бирок жолду басып жүргөн адам өздөштүрөт. Өзүңүзгө өлчөнгөн жана тынч иштөөгө көнүп, биринчи кадамды жасаңыз.

Сиз кайсыл багытта,(кесипте )иш алып барасыз , же кайсыл багытта өнүгүүнү каалайсыз ?

Кийинки постто айымдар үчүн сонууун бир жаңылык бар күтүңүздөр¡¡♡♡
9.0K viewsБурулай, 05:51
Ачык / Комментарий
2022-05-17 17:43:59
Каналдын логотибин алмаштырайын деп жатам .Ушул логотипти койсом болобу ?же жарашпайбы
Азыркы учурдагы логотип да жакшы, бирок мага жарашбайт экен
7.2K viewsБурулай, edited  14:43
Ачык / Комментарий
2022-05-13 10:20:09 "Дүйнөдөгү эң жакшы жана сулуу нерселерди көрө албайсың, ал тургай колго тийгизе албайсың - аларды жүрөк менен сезүү керек". - Хелен Келлер

А сиз дүйнөдөгү эң жакшы жана сулуу деп эмнелерди эсептейсиз?
Оюнузду бөлүшө кетиңиз♡
7.6K viewsБурулай, edited  07:20
Ачык / Комментарий
2022-05-12 20:14:53
@onuktur каналы кайрадан сиздер менен ...
Буйруса алдыда кызыктуу контенттер болот
7.4K viewsБурулай, 17:14
Ачык / Комментарий
2021-07-03 16:07:53 Мамлекеттин негизги байлыгы бул жер алдындагы кен эмес, жер үстүндөгү эл. Андыктан, жалпы эл билимдүү, ар-тараптан өнүккөн, ыймандуу, ой-жүгүртүүсү, дүйнө таанымы терең, б.а. сапаттуу болгондо гана мамлекет өнүгүүнүн жолуна түшө алат. Тактап айтканда, эл кандай болсо мамлекет дагы ошондой болот. Ал эми жалпы элди өнүктүрүүнүн, өзгөртүүнүн, көңүлүн кайсы бир маселеге буруунун бир жолу бул социалдык жарнамалар. Кыска жана таасирдүү тасманын жардамы менен көп түшүнүктү берип, жакшы натыйжага жетүүгө мүмкүн.

Өлкө башындагылар, парламентте отургандар казино ачып, акча табууну гана көздөбөй, элдин сапатын көтөрүүнү ойлонуп, руханий байлыкты арттырууга көңүл бурушса жакшы болмок. Болбоду дегенде ар бир уюмга, мекемеге, компанияга бирден социалдык жарнама тартып жайылтууга тапшырма бергенде чоң пайда болсо керек.

Бул тууралуу сиздердин оюңуздар кандай билдире кетиңиз.

Төмөндө болсо таасирдүү социалдык жарнамалардын бирине көңүлүңүздү бурам.

Баса, биздин youtube каналга дагы жазыла кетиңиз.





ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur
26.8K viewsАлтынбек Алымжанов, edited  13:07
Ачык / Комментарий
2021-07-01 18:05:57
"Чү" дегенде эле үйдүн ичин байытканга, чөнтөктү толтойтконго, дүнүйөнү жыйганга аракет кылбастан эң алгач баштын ичин байытканга басым жасайлы.

Туура тандоо кылганды үйрөнсөк өсүп-өнүгүү жеңил болот.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur
16.3K viewsАлтынбек Алымжанов, edited  15:05
Ачык / Комментарий
2021-06-26 18:30:03
Жашооң ойдогудай болбой жатса күнөөлүүлөрдү сырттан издебе. Баардык чектөөлөр, негативдер, жамандыктар өзүңдүн башыңда гана. Сенин эң чоң душманың - өзүңдүн ойлоруң. Оюңду ирээттей алсаң жашооң дагы ирээтке келет.

Өзгөрүү өзүңдүн гана колунда, тагыраагы, башыңда.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur
14.8K viewsАлтынбек Алымжанов, 15:30
Ачык / Комментарий
2021-06-17 19:52:18Ийгиликке жетелей турган кадамдар:

Тынбаган аракет.
Баардык ийгиликтүү адамдарды бириктирип турган көрүнүш бул - алардын тынбаган аракети. Бир же эки жолу кылып көрүп эле «болбойт экен» деген тыянакка келбеш керек. Исламда дагы берекеси Алладан аракети адамдан деген сөз айтылат. Канчалык көп аракет болгон сайын жөндөм дагы ошончолук шыкталып, тажрыйба топтоло берет.

Маанилүү кадамдын экинчиси бул – эффективдүүлүк.
Канчалык деңгээлде эффективдүү иш кылганыңыз ошончолук ишиңиздин илгерилешине түрткү болот. Ишиңиздин илгерилеши – ийгиликтин илгерилеши.

Үчүнчү маанилүү көрүнүш бул – чөйрө.
Эгерде борбордон алыс болгон кыштакта жашаган болсоңуз өсүшүңүзгө чөйрө тоскоол болушу мүмкүн. Муну алар атайылап деле кылышпайт, болгону сизди тобокелчиликтен жана чыгым тартып калуудан коргоого аракет көрүшкөндүктөн. Сиз чөйрөңүздү өзүңүздөн жогору болгон чөйрөгө алмаштырыңыз.

Жана төртүнчү көрсөткүч бул - жолуңуздун болуусу.
Балким, жөнөкөй бизнесмен болуу үчүн бул көрүнүш анчалык деле роль ойнобошу мүмкүн, бирок, мыкты бизнесмен болуу үчүн 20 пайызды аракет, эффективдүүлүк жана чөйрө түзсө, ал эми 80 пайызын жолуңуздун болуусу түзөт.

Башка адамдар эмне деп айтпасын, менин оюмча жана менин тажрыйбамда жолдун болуусу чоң ийгиликтердин негизи. Бирок, сиз качан талыкпаган аракет менен эффективдүү иш кылып, чөйрөңүздү өзгөрткөндө гана жолуңуз боло баштайт.

Маргулан Сейсембай.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur
12.4K viewsАлтынбек Алымжанов, 16:52
Ачык / Комментарий
2021-06-11 11:43:22

Тасмага тартпай туруп айтып бергенде "Өрдөктөрдү учурбачы" демек экенбиз да

@onuktur
10.5K viewsАлтынбек Алымжанов, 08:43
Ачык / Комментарий
2021-06-09 20:25:13
Улуттук чен бирдиктерибизди биле жүрөлү.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur
11.9K viewsАлтынбек Алымжанов, edited  17:25
Ачык / Комментарий