Get Mystery Box with random crypto!

​Ийгиликке жетелей турган кадамдар: Тынбаган аракет. Баарды | Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Ийгиликке жетелей турган кадамдар:

Тынбаган аракет.
Баардык ийгиликтүү адамдарды бириктирип турган көрүнүш бул - алардын тынбаган аракети. Бир же эки жолу кылып көрүп эле «болбойт экен» деген тыянакка келбеш керек. Исламда дагы берекеси Алладан аракети адамдан деген сөз айтылат. Канчалык көп аракет болгон сайын жөндөм дагы ошончолук шыкталып, тажрыйба топтоло берет.

Маанилүү кадамдын экинчиси бул – эффективдүүлүк.
Канчалык деңгээлде эффективдүү иш кылганыңыз ошончолук ишиңиздин илгерилешине түрткү болот. Ишиңиздин илгерилеши – ийгиликтин илгерилеши.

Үчүнчү маанилүү көрүнүш бул – чөйрө.
Эгерде борбордон алыс болгон кыштакта жашаган болсоңуз өсүшүңүзгө чөйрө тоскоол болушу мүмкүн. Муну алар атайылап деле кылышпайт, болгону сизди тобокелчиликтен жана чыгым тартып калуудан коргоого аракет көрүшкөндүктөн. Сиз чөйрөңүздү өзүңүздөн жогору болгон чөйрөгө алмаштырыңыз.

Жана төртүнчү көрсөткүч бул - жолуңуздун болуусу.
Балким, жөнөкөй бизнесмен болуу үчүн бул көрүнүш анчалык деле роль ойнобошу мүмкүн, бирок, мыкты бизнесмен болуу үчүн 20 пайызды аракет, эффективдүүлүк жана чөйрө түзсө, ал эми 80 пайызын жолуңуздун болуусу түзөт.

Башка адамдар эмне деп айтпасын, менин оюмча жана менин тажрыйбамда жолдун болуусу чоң ийгиликтердин негизи. Бирок, сиз качан талыкпаган аракет менен эффективдүү иш кылып, чөйрөңүздү өзгөрткөндө гана жолуңуз боло баштайт.

Маргулан Сейсембай.

ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur