Get Mystery Box with random crypto!

Мамлекеттин негизги байлыгы бул жер алдындагы кен эмес, жер үс | Журок тынчтыгы 20 мин сомдук курс бекер болот

Мамлекеттин негизги байлыгы бул жер алдындагы кен эмес, жер үстүндөгү эл. Андыктан, жалпы эл билимдүү, ар-тараптан өнүккөн, ыймандуу, ой-жүгүртүүсү, дүйнө таанымы терең, б.а. сапаттуу болгондо гана мамлекет өнүгүүнүн жолуна түшө алат. Тактап айтканда, эл кандай болсо мамлекет дагы ошондой болот. Ал эми жалпы элди өнүктүрүүнүн, өзгөртүүнүн, көңүлүн кайсы бир маселеге буруунун бир жолу бул социалдык жарнамалар. Кыска жана таасирдүү тасманын жардамы менен көп түшүнүктү берип, жакшы натыйжага жетүүгө мүмкүн.

Өлкө башындагылар, парламентте отургандар казино ачып, акча табууну гана көздөбөй, элдин сапатын көтөрүүнү ойлонуп, руханий байлыкты арттырууга көңүл бурушса жакшы болмок. Болбоду дегенде ар бир уюмга, мекемеге, компанияга бирден социалдык жарнама тартып жайылтууга тапшырма бергенде чоң пайда болсо керек.

Бул тууралуу сиздердин оюңуздар кандай билдире кетиңиз.

Төмөндө болсо таасирдүү социалдык жарнамалардын бирине көңүлүңүздү бурам.

Баса, биздин youtube каналга дагы жазыла кетиңиз.





ӨЗҮҢДҮ ӨНҮКТҮР, ӨЛКӨҢДҮ ӨНҮКТҮР
@onuktur